Turmush -
Бүгүн, 23-апрелде Лейлек районунун Ак-Суу айылында райондун 90 жылдыгына
карата «Даңазалуу Лейлегим» аттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Turmush
басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маалыматка караганда, анын алкагында Чынгыз Айтматовдун 90
жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштурулду. Андан кийин Ак-Суу айылын тарыхы
тарыхы туралуу малымат беришти. Курулуш орто мектебинин окуучулары Сара
Жедигерованын сахналаштырылган көрүнүш аткарышты. Маданият кызматкерлери чакан
концерттик программа тартуулашты.
http://batken.turmush.kg/news:344236/?from=kg_turmush&place=newstoplast