Turmush -
Баткен районунун Сай айылындагы жер көчкү түшкөн аймакты калыбына
келтирүү, тазалоо жумуштары аткарылып жатат. Бул тууралуу Баткен районунун
акими Кеңеш Салихов билдирди.
Анын айтымында, тазалоо иштерине 4 жүктөгүч иштеп жатат. Ага
ӨКМ тарабынан 1 тонна 800 литр күйүүчү май бөлүнүп берилди. 49 миң куб
топуракты тазалоо керек болгондуктан жумуш 1 жумага созулат.
Аталган жер көчкү 18-апрелде түшкөн.
http://batken.turmush.kg/news:344252/?from=kg_turmush&place=newstoplast