Turmush -
Баткендеги Лейлек районунун Арка айылында жоголгон 5 жашар баланын денеси
Тажикстандын аймагынан табылды. Бул маалыматты Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы
аймактык кабарчыга тастыктаган.
Маалыматтар боюнча, 5 жаштагы бала 23-апрель күнү кечке маал
аталган айылдагы үйүнөн көчөгө атасын издеп чыккан бойдон дайынсыз жоголгон.
Аны издөө иштери жүргүзүлүп, денеси кечээ, 24-апрелде Тажикстандын Гафуров
шаарындагы суу аккан каналдан табылды. Милиция кызматкерлери наристе каналдагы
сууга агып кеткен деп болжолдоп жатышат.
Наристенин денеси кечээ жерге берилди.
http://batken.turmush.kg/news:344385/?from=kg_turmush&place=newstoplast