Turmush -
Баткен облусунун Лейлек районунда «Достук» фестивалы өттү. Бул тууралуу
аймактык кабарчыга райондун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага Тажикстандын Душанбе, Ходжант,
Конибадам жана Бабажон Гафуров районунан жалпы 100гө жакын конок келди. Ошондой
эле Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура
Султанбаева жана облустардан келген тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты.
Фестивалдын жүрүшүндө
элдик өнөрпоздор тарабынан кыргыз элинин маданиятын даңазалаган концерттик
программалар жана кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө уюштурулду. Ошондой эле 280
окуучу комузда «Токтогулдун кербези» күүсүн чертип, фестивалдын катышуучуларын
таң калдырды.
Иш-чара кыргыз-тажик элинин жаштарынын ортосундагы
кызматташтыкты, достукту бекемдөө жана кыргыз маданиятын даңазалоо максатында
уюштурулду.
http://batken.turmush.kg/news:344733/?from=kg_turmush&place=newstoplast