Turmush -
28-апрелде Кадамжайдагы чек ара пунктунан башка паспорт менен өтүүгө
аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара
кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1941-жылы туулган Р.И. чек арачыларга
башка адамга таандык паспортту көрсөткөн. Чек арачылар паспорттогу сүрөткө өзү
окшобой тургандыгын байкап калышкан. Анын баштыгын текшерүү учурунда өзүнүн
паспорту табылган. Бирок анын колдонуу мөөнөтү аяктап калгандыктан таанышынын
паспортун колдонгондугун билдирген. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин
кармалган адам милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
http://batken.turmush.kg/news:344833/?from=kg_turmush&place=newstoplast