Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:15
Жээнбеков: ар кыл маалыматтарды тараткандар бар, элге түшүндүргүлө
10:09
Парламентте мааракелик той-аштарды чектөө боюнча мыйзам долбоору сунушталды
10:07
Ката кеткен. Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзам долбоору ЖКга киргизилди
09:59
Президент коронавирустан каза болгон медиктин жакындарына көңүл айтты. Некролог
09:56
Жээнбеков облус жана шаар жетекчилери менен онлайн-жыйын курууда
17:09
Жаалы катуу сел. Нарын аймагындагы суу каптаган жерлердин видеосу
17:08
Өлкө ичинде учак менен ары-бери каттай турчуларга атайын эрежелер иштелип чыкты
17:05
Мэрия: COVID акимчиликтен эмес билим берүү борборунда иштегендерден чыкты
16:51
Бир нече күндөн кийин кыргыз-кытай чек арасы ачылып, "Торугарт" иштей баштайт
16:36
Кытайга газ алып өтүүгө айыл чарба жерлери берилген. ЖКда айтылган доомат
16:29
Кыргызстанда 5-июндан тарта аймак аралык транспорт каттай баштайт
10:58
Башкаларды да сыйлагыла. Фараны туура күйгүзүү боюнча айдоочуга 7 эреже
10:54
Бет кап жок болсо жетекчи жазаланат! Мэрия ишкерлерге кайрылды
10:50
Кадамжайдагы чек араны кыргыз-өзбек аскерлери кайтарууда
10:34
Кар жаткан ашууда электриктер үч күн иштеп, бузулган линияны оңдоду.
10:28
Министрлик бүтүрүүчүлөр аттестатты акысыз аларын эскертти
10:16
Россиянын ЖОЖдору пандемияга карабай кыргызстандык студенттерди кабыл алат
17:01
Коронавирустан коргоочу кол кап кандай болушу керек? Адистин пикири
16:42
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр. Коңшу өлкөнүн ТИМи үн катты
11:38
Ата-энелер мектеп фондуна акча чогултулуп жатканын айтууда. Министрлик эмне дейт?
15:38
1-июндан тарта Кыргызстандагы бардык мамлекеттик органдар иштей баштайт
15:28
"Спартак" стадионунда машыгууга уруксат берилип, бирок бир шарт коюлду
14:59
Нарын облустук ооруканасы курчалып, төрт бөлүмү жабылды
14:14
Телеканалдарды балдарга туура келбеген контент үчүн жазалоо сунушталды
14:11
Бишкек менен Чүйдөгү 8 мектепте медициналык иш бөлмөлөр ачылат
14:05
Мумия, жасалма сүрөт. Министр Жаманкулов жоголгон экспонаттар тууралуу айтты
13:56
Аким: Октябрь акимиатынын кызматкерлеринен коронавирус табылган жок
13:16
Кыргызстан боюнча карантиндик канча пост калды. Министрликтин жообу
12:23
COVID-19: РФтин мамлекеттик мекемеси КМШ өлкөлөрүнө видеокеңештерин берет
11:23
Япония Кыргызстан баш болгон 11 өлкөнүн жарандарына кирүүгө тыюу салды
11:15
Электр энергиясына коюлган жаңы тариф 1-июлдан тарта күчүнө кирет
14:03
Индиядан чартердик каттам менен 22 кыргызстандык келди
13:56
Ак-Талаа менен Ат-Башыдагы катуу шамал имараттардын чатырын учуруп кетти
17:05
Кыргыз-өзбек чек арасында күчү 3,5 баллга жетип, жер титиреди
13:11
Эртеңден тарта иштечү соода борборлору менен базарларга талап коюлду
13:08
Мурдагыдай эле иштөөсүнө тыюу салынган тармактар айтылды.
13:07
Кыргызстанда электр энергиясына айрым тарифтер өзгөртүлөт
12:57
Дагы 12 киши коронавирусту жеңип чыкты
12:44
Жети-Өгүздө төрөт үйүн обсервацияга айландыруу чечими жокко чыгарылды
12:11
Коомдук транспорт 25-майдан баштап эл ташыйт. Талаптар
12:10
"Дордой" баштаган ири базарлар ишке кирет. 25-майдан тарта жанданчу тармактар
12:09
Боронов сырттан келгендерге кайрылып, медиктердин талабын аткарууну өтүндү
12:08
Көбөйүп жатат. 32 жүк ташуучу айдоочудан коронавирус табылды
14:42
КР энергетикасы жар учунда турат. Эксперттин билдирүүсү
14:34
Чуу салса эле обсервациядан чыгабы? "Гансидеги" жаңжал боюнча Үсөнбаевдин жообу
Бардык кабарлар

Ош мэриясы мамкаттоону кысымга алганбы?

Жаңылыктар / Ош жаңылыктары
849
0

Ак-Буура дарыясынын жээгинен 1300 чарчы метр аянт жеке менчикке, ал эми 1900 чарчы метр тилке ижарага берилип кеткен. Ош шаарынын мэриясы жерлер комиссиянын чечими менен берилген десе, мамкаттоо башкармалыгынын кызматкерлери мэриянын буйругу менен мажбур мамлекеттик акт түзүп бергенбиз деп жатышат.

Ош шаардык прокуратурасы брилген жер тилкелерисуу коругуна киргендиктен,мыйзамсыз берилгенин билдирди. Булфактынын негизинде Ош шаарынын мэриясынын, Мамкаттоо башкармалыгынын, Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата үч берене менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө амалдары эүрүп жатат.

Архитектура башкармалыгы бул маселе боюнча тиешеси жоктугун, билдирди. "Анда эмнеге буларга карата кылмыш иши козголду?”,- деген суроого жооп жок.

Ал эми мэрия өкүлдөрү болсо, жерлер15 адамдан турган комиссиянын чечими менен бул жерлер берилген деп актанышыдуу.

Ош шаарынын вице-мэринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Мирлан Исраилов түзүлгөн комиссия Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жерлерди териштирип чыкканын билдирди.

"Болгону, дарыядан 50 метр аралыгындагы жер суу коругуна кирет экен. Прокуратура кызматкерлери, силер 50 метр калтырганэмессиңер, анча чыкпайт деп бизди күнөөлөп жатышат. Бул туура эмес, кантип өлчөдүңөр деп биз суроо салганда алардын алгылыктуу жообу жок”.

Ош шаарынын прокуратурасынын берген маалыматына ылайык жерди алган жеке ишкер суу жээгине эс алуу жайын ачмак экен. Бул мыйзамга таптакыр караманча каршы келет.

"Жер 5 жылга ижарага берилди, жеке ишкер жер үчүн ижара төлөйт плюс ал жерлерди жашылдандырып көркөтөндүрөт. Эч кандай капиталдык курулуш жүргүзүп эс алуучу жай сала койгонго биз жол бербейбиз”,-деп кошумчалады Исраилов.

Эскерте кетсек буга чейин дал ушул аймак Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Урмат Аманбаевагамыйзамсыз менчикке берилип кеткен. Кийинчерээк шаар мэриясы сот аркылуу кайтарып алган болчу. Бирок,2017 жылдын декабрь айында,кайра эле жеке ишкерге берилип отурат.

Ал эми Ош шаардык мамкаттоо башкармалыгынын кызматкерлери "Эмне үчүн мыйзам бузууга жол берилген?”,-деген суроого мэрия тарабынан буйрук келген үчүн,суу коругунун аймагына мамлекеттик акт жасап бергенин мойнуна алышууда.

Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн башчысы, Заравшан Салиевдин айтымында тийиштүү документтерди мажбур жасап беришкен экен.

"Биздин кызматкер Сүйүн ака, даже отказной арызын жазып начальнике кирген. Үч күн жаткан ал арыз, гос акт жасабайм деген арызы. Кол койбой, начальник жаңыдан шайланган үчүн ал мойнуна ала алган эмес, бирок мурунтан иштеген жетекчилерге мэриядан приказ келип, алар жасап бербесек болбойт деп, жасаттырышкан. Мирлан Исраилов, вице-мэр Шакир Мулашевичтер аралашкан”.

Ак-Буура жээгин жеке менчикке берилүүсү боюнча токтом мэрия тарабынан 2017 жылдын декабрь айында чыккан. Көп өтпөй бул мыйзамсыз деп табылып, бул факты боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызмат абалынан аша чаап пайдаланып жер мыйзамдарын бузуу" жана "кызматтык жасалмачылык" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козголуп, тергөө иштери журуудо.

Редакция Взгляд, Ош


скачать dle 11.0фильмы бесплатно