Turmush -
Бүгүн, 8-майда Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүндө Улуу Ата
Мекендик согуштун 94 жаштагы ардагери Эшбаев Шамши атага «Жигули» үлгүсүндөгү
унаа тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн маалымдашты.
Маалыматка караганда, 2011-жылы чыгарылган унаа жергиликтүү
бийлик жана жеке демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен 160 миң сомго алынды. Шамши
ата айыл өкмөттөгү жалгыз ардагер.
Унаанын тапшыруу иш-чарасынын алкагында орукта эмгектендерге
сый тамак жана балуу белектер ыйгарылды.
http://batken.turmush.kg/news:345165/?from=kg_turmush&place=newstoplast