Turmush -
Кечээ, 7-майда Баткен шаарында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагы
өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо
бөлүмүнүн тескөөчүсү Чолпонбай Арстанбеков билдирди.
Анын айтымында, иш-чара өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарды
алдын алуу максатында уюштурулду.
Жыйынтык:
- 1-орун — Айдаркен шаарынын О.Маканов атындагы орто
мектептин «Светофор» командасы;
- 2-орун — Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы орто
мектептин командасы;
- 3-орун — Кызыл-Кыя шаарынын Т.Сатылганов атындагы орто
мектептин командасы.
Орун алган командаларга баалуу белектер, кубоктор дипломдор
берилди. 1-орунду ээлеген «Светофор» командасы Бишкек шаарында өтүүчү
республикалык кароо-сынакка жолдомо алды
http://batken.turmush.kg/news:345140/?from=kg_turmush&place=newstoplast