Turmush - Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан Баткен облустук бириккен ооруканасынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иш козголду. Бул
тууралуу прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө
мыйзамдардын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Баткен
облустук бириккен ооруканасынын жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык
абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өкмөттүн «Оор жумуштар, зыяндуу же эмгек
шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө»
жобосунун талаптарын бузуу менен, «Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын»
типтүү тизмегине кирбеген, негизсиз оор жумуш, зыяндуу, кооптуу жана башка
эмгек шарттарындагы жумуштарды аткаргандыгы үчүн деп кошумча төлөмдөрдү алууга
акысы жок медицина кызматкерлерине кошумча төлөм эсептеп жана башка мыйзамсыз
төлөмдөрдү жүргүзүшкөн. Анын кесепетинен мамлекетке 321 миң 437 сом зыян
келтирилген.
Мындан сырткары, текшерүүнүн жүрүшүндө өкмөттүн «КРнын
саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө» жобосун жана
башка мыйзамдын талаптарын бузуу менен ашыкча 71 миң 100 сомдук төлөмдөр
жүргүзүлгөндүгү аныкталды. Жыйынтыгында мамлекетке жалпысынан 392 537 сом зыян
келтирилген.
Аталган фактылардын негизинде Баткен облусунун прокуратурасы
тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык
менен пайдалануу) жана 316-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иш козголуп, материлдар
тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн тийиштүү тергөө органына жиберилди.
http://batken.turmush.kg/news:345197