Turmush -
13-майда Лейлек районунда нөшөрлүү жаандын кесепетинен бир нече айылды
сел каптады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алардын айтымында, сел жаңы курулган көпүрөлөрдү агызып жана
Исфана шаарын, Чимген, Самат, Беш-Бала айылдарын каптап кетти. Нөшөрлүү жаан
мөндүр жаагандан кийин саат 16:45 чамасында башталган.
Сел Кулунду айыл аймагындагы Интернационал айылын дагы каптады.
Ошондой эле райондун Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски-Оочу
айылында селден улам 6 үйдү суу басып, 27 чарбакка шагылдар толду.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, 33 сайдан сел түшүп, ички
жолдор бекилип калган. Селдин суусуна 3 бодо мал аккан. Айыл өкмөттүн Шоро-Сай
айылындагы 7 арыкты, Кайрагач айылындагы Максат—Булак-Башы жолун сел жууп кетти.
http://batken.turmush.kg/news:345454/?from=kg_turmush&place=newstoplast