Бүгүн:

Акыркы кабарлар

17:13
Баткенде окуучу кыздар мушташып, 10-класстын окуучусу өз жанын кыйды
17:06
Сүлүктүдө 20 жылдык бүтүрүүчүлөр аз камсыз үй-бүлөнүн үйүн оңдоп беришти
15:59
Жайга бир жума калганда Ысык-Көлгө кар жаап салды. Сүрөт
15:57
Ат-Башы районунда кар калың жаагандыгына байланыштуу бир чабандын 200 койу өлдү
15:52
Кара-Кулжа районунда шамалдан 5 жашар кыз жабыркады
15:50
Талас районунда ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен шамал катталды
12:35
Жайга бир жума калганда Ысык-Көлгө кар жаап салды.
20:42
Өрт чыгуу учурурунда алгачкы аракеттерин машыктыруу
17:38
Лейлекте Кокон хандыгынын учурунда курулган мечитке жаштар жылыткыч коюп беришти
17:32
Баткендеги аскер бөлүктө «Апам жапкан нанды сагындым» акциясы өттү
17:27
Россияда эмгектенген кадамжайлык тургундар көрүстөндөрдүн айланасын курчоого акчалай жардам көрсөтүштү
14:35
Баткенде 25-майда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт
14:34
Бир аял мерт болуп, жети киши жабыркаган. Бишкек — Ош жолунда эки унаа кагышты
14:27
Лейлектеги сел 58,8 млн сомдук зыян келтирди
09:20
Жаңы үйлүү болгондо ыйладым. Өзгөндө 20 жылдыктар пенсионерге там салып берди
09:16
Элчилик: Подмосковьеде 27 жаштагы кыргызстандык жаран киши колдуу болду
17:05
Баткенде «Шайыр апалар клубу» сынагы өтүп жатат
16:59
Лейлектеги 15 энеге «Баатыр эне» ордени тапшырылды
16:13
Кызыл-Кыя шаары менен Лейлек районундагы турак үйлөрдү суу каптады
16:03
Баткенде Акыркы коңгуроодо окуучулардын унааларда жүрүшүнө тыюу салынды
15:48
Интеллигенция, Жээнбеков жана небере тууралуу. Роза Отунбаева менен маек
15:47
Абылгазиев Centerra Gold Inc. жетекчилиги менен жолукту. Ортодо эмне кеп болду
15:46
Бензин менен дизель канчага кымбаттарын мунай ташуучулар кабарлашты
15:46
ТИМ: чет өлкөдө жакыны каза болгондорго 50 миң сом компенсация төлөнөт
15:45
Мирзиёев Путинге АКШга болгон сапары тууралуу айтып берди
15:44
Өмүрүн тобокелге салып терезе жууган окуучулар боюнча мугалимдер жазаланды
15:43
Самал Еслямова: "Айка" боюнча мага бир гана адамдын пикири баалуу
15:42
Бишкекте иштеп жүрүп дайынсыз жоголгон ноокаттык киши изделүүдө. Сүрөт
15:41
Кайырчылык кылган аялдын банк эсебинде миллион доллар болгон
17:57
Президент, премьер, спикер. Бийликтегилердин кимисинин оозу бек
17:56
Сапар Исаков Кытайга канча жолу учканын айтты
17:56
Беш айда 2 млн. сом таптым. Спорттогу ишкер Сталбек уулу менен аңгеме-дүкөн
17:55
Кыргызстанда кайсы кесипке суроо-талап күч? Рейтинг
17:54
Кыргыз эл жазуучусу Көчкөн Сактанов дүйнө салды
17:53
Ысык суу өчтү! Бишкектеги мончолордун дареги жана баасы
17:52
"Милиционер пара бер дегендей колумду сылады". Кара-Сууда тартылган видео
17:13
Жубайлар: Баткендеги Ж.Топчубаев менен Н.Асатова 17 жылдан бери чек араны кайтарып келишет
17:01
Баткенде 41 аялга «Баатыр эне» ордени тапшырылды
16:33
Шашылыш билдирүү! Сел жүрүшү күтүлөт!!!
14:07
Баткенде киши сатууга каршы кеңешме өтүп жатат
13:53
Бөрүлүү мезгил: Кадамжайдын Пум айылында 2 карышкыр атылып, 6 бөлтүрүк алынды
13:46
Кадамжайдан унаа уурдоого шектелип качкан жигит Бишкектен кармалды
12:07
Баткен жана Кадамжай районунда сел кесепеттерин жоюу аракеттери жүрүүдө.
18:45
Ошто окуучулар үчүн ойлоп табууга шыктандыруучу семинар болуп өттү
11:59
Булан институту: министрдин буйругу күздө айрым мугалимдерди жумушсуз калтырат
Бардык кабарлар

Кыргызстандын аймагына кирип келген тажик чек арачылары жергиликтүү тургундардан паспорт талап кылышкан

Жаңылыктар
38
0

Turmush - Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип, Лейлек районунун Кулунду айылынын тургундарынан паспорт көрсөтүүнү талап кылышкан. Бул тууралуу күбө «Репортерго» билдирип, окуянын видеосун жөнөткөн.

Видеодо аскер адамдарынын бири паспортторду текшерүүгө жарандардын жабык аймакта жүргөнү себеп болгонун айткан. Ал эми жашоочулар аталган жер Кыргызстандын аймагы экенин айтышкан.

Ошондой эле видеого жарандар менен чек арачылардын жаңжалы түшүп калган. Жашоочулар чек арачылардын куралын тартып алууга аракет кылышкан.

Жергиликтүү тургундун айтымында, окуя кечээ, 12-майда болгон. Жергиликтүүлөр менен болгон жаңжалдан кийин чек арачылар өз аймагына кетишкен. Ал окуя болгон жерде Кыргызстандын чек арачылары болбогонун кошумча Кийинчерээк Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жашоочулар менен чек арачылардын ортосундагы жаңжалды тастыктады.

«12-майда Тажикстан Республикасынын УКМКнын чек ара бөлүмүнүн аскер кызматкерлери унаа менен Кыргызстандан аймагына (болжол менен 40-50 метр) киришкен. Тажикстандын чек ара нөөмөтү Баткен облусунун Лейлек районунун калк жашаган Сада пунктунда айрым жашоочулардын документин текшергени тургундардын нааразычылыгына себеп болгон. Кайым айтышуудан кийин кыргызстандык жарандар Тажикстандык чек арачыларынын унаасынын ачкычын тартып алган. Алардын ортосунда бир аз жаңжал чыккан», - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын чек ара нөөмөтү жана укук коргоо органдары барып, жаңжал чектөөгө алынган.

«Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө Тажикстан тарап чек ара нөөмөтү жаш жоокерлерден түзүлүп, алар аймакты билбегендиктен жаңылыштык менен Кыргызстандын аймагына кирип кетишкенин билдирген. Тажикстан тарап Кыргызстан тараптан бул окуя үчүн кечирим сурады», - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.

Учурда окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат. Ал эми Тажикстандын чек арачыларынын унаасы териштирүү иштери үчүн Лейлек районунун укук коргоо органдары тарабынан эвакуацияланды.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы аталган тилкедеги абалды көзөмөлдөп жатат.

http://batken.turmush.kg/news:345452

скачать dle 11.0фильмы бесплатно