Turmush - Кечээ,
14-майда кечке маал жааган жамгырдан улам Кадамжай шаарында сел жүрдү.
Бул тууралуу жергиликтүү тургундар
билдиришти.
Маалыматка караганда, сел шаардагы бир нече ички жолдордон
агып, бирок олуттуу зыян болгон жок. Суу айрым жолдорду бузуп кеткен.
Арыктардан да суу ашып, көп
кабаттуу үйлөрдүарасына жайылган.
Ал эми, ӨКМдин
райондук бөлүмүнүн маалыматына караганда, сел кечки саат 18:50
чамасында жүргөн. Анын
кесепетинен Ош—Баткен унаа жолунун Кадамжай шаарындагы 124-чакырымына ку-шагыл
түшкөн.
Райондук №46 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч иштеп жолду тазалап, каттам ачылды. Көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө кирген сууну 6 куткаруучу, арыктарды 5
куткаруучу тазалады.
http://batken.turmush.kg/news:345536/?from=kg_turmush&place=newstoplast