Turmush - Бүгүн, 15-майда Баткен ОИИБдин өздүк курамы кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерин эскеришти. Бул тууралуу түзүмдүн басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, иш-чарага кызмат учурунда каза болгон
кызматкерлердин үй-бүлөлөрү, жакындары, милициянын ардагерлери жана молдолор
катышты. Эскерүүдө каза болгондордун урматына тургузулган эстеликке гүл коюлуп,
куран окулду.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 1999-жылы түптөлгөн.
Ошол түптөлгөн жылдан бери кызматтык милдетин аткаруу учурунда 13 кызматкер
каза болгон.
http://batken.turmush.kg/news:345602/?from=kg_turmush&place=newstoplast