Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:43
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
14:41
Бишкекте дүйнөгө аты чыккан артисттер "Тоска" операсын коёт
10:35
Пара алып кармалган министрдин орун басары Жусубалиев камакка алынды
10:34
Лейлекте КамАЗ оодарылып, үч киши каза болду
15:52
Сооронбай Жээнбеков телефондон Шевченкону куттуктады
15:49
Көз сүйүнөт! Бишкектин чок ортосунда "дельфиндер" пайда болду.
14:06
Бишкекте "Айтматов тууралуу 90 суроо" аттуу флешмоб өтөт
14:39
Кыргыз телесине 60 жыл! КТРК мааракесин белгиледи
14:36
Учкучтардын кабинасына кирип алчу. Аскар Акаевдин пилоту экс-президент тууралуу
14:29
Органдар алдында жооп берүүгө даярмын. Карыпбеков КТРКдагы аудит боюнча үн катты
14:18
Иштен кеткеним үчүн 1 млн. сом алдым. Атбашылык аксакал жөнүндө репортаж
14:13
Бишкектеги Лев Толстой менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине светофор коюлду
11:18
Атамбаевдин тарапташтары менен каршылаштары жаңжалдаша кетти. Видео
16:09
10 кызды өстүргөн ноокаттык жубайлар 9 күйөө балалуу болушту
16:03
Сүйгөн кызы өз жанын кыйганын уккан соң, өзүн атып өлтүргөн 21 жаштагы жигиттин акыркы каты жана туугандарынын версиясы
10:20
Бишкекте "Түндүк" бажысынын жетекчи орун басары Мамбетжунушева кармалды
14:22
Бишкекте ар кыл диндин өкүлдөрү ийри отуруп, түз кеңешет
13:36
"Арабадагы майып" коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент
13:07
Бишкекти жаңы жылга карата кооздоого канча каражат сарпталаары айтылды
10:14
Мэр Суракматов Бишкекти каптаган кара түтүн боюнча үн катты
16:10
Бишкекте майыптар үчүн пандустар орнотулууда
11:56
Каракол: өрт чыккан үйгө суусу жок келген өрт өчүрүүчүлөр, тамсыз калган үй-бүлө
11:25
Жөнөкөй малчынын идеясын автоинспекторлор улап кетти
11:24
"Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылды. Себеби айтылды
10:05
“Делбиримде” Аселди аткарган Мадина Талипбек Өзбекстанда мыкты актриса аталды
16:18
Бишкекте адамдарды тоноду делген 18 жаштагы балдардын үйүнөн баңгизат табылды
16:27
Бишкек: мектеп окуучулары жетим балдар үйүнө барып белек тартуулашты
16:07
Нарындан Аксыга жер которгон маралдардын абалы айтылды. Сүрөттөр
15:57
Бишкек менен Оштогу басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу сунушталды
15:48
Депутат Кыргызстанга эли визасыз кирген өлкө санын 55ке жеткирүүнү сунуштады
13:45
Балыкчы ШИИБинин имаратынын чатырын шамал учуруп кетти.
10:36
Бишкек мэриясы "Ош" базарындагы абал боюнча расмий пикирин айтты
10:35
"Вечерний Бишкектин" ээси Александр Рябушкин эки айга камакка алынды
11:49
Жүзгө жакын сатуучу "Ош" базарында митинг кылып жатат
11:33
Жаңы жылга карата башкы аянт кантип кооздолот
09:35
Бишкек мэриясы газ менен жүргөн автобус алуу үчүн тендер жарыялады
09:34
Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео
15:28
Бишкекте Бурулайдын портрети жатакананын дубалына тартылды
15:18
УКМК: Бишкек мэриясы 2017-жылды тосуу үчүн шаарды кооздоодо мыйзам бузган
14:05
Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады
11:04
Кыргызстан эл аралык жарандык авиациянын кара тизмесинен чыгар-чыкпасы айтылды
17:30
Бишкекте экологияны булгаган жеке мончолор текшерилип жатат.
10:03
Бишкекте эми коомдук тартипке атчан милиционерлер да көз салат
13:27
Жээнбеков Атамбаев менен эмнеге чырдаша кеткенин айтып берди
13:25
Путин Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Бардык кабарлар

ЖЭБтеги кырсык. Кытайдын кызыкчылыгын колдогондор жана калпычылар

Жаңылыктар / Экономика / Коом жана проблемалар
227
0

Жогорку Кеңеш үч күндөн бери Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого жумшалган каражат жана кышындагы кырсык боюнча депутаттык комиссиянын бүтүмүн талкуулоодо.

Жыйынга мурдакы премьер-министрлер жана башка жооптуу кишилер чакырылды.

Картинки по запросу китайские рабочие в кыргызстане
 

ТВЕА менен сүйлөшүүнү жүргүзгөн киши аныктала элек

ЖЭБти модернизациялаган Кытайдын ТВЕА ишканасын ким Кыргызстанга чакырып, алгачкы сүйлөшүүлөрдү ким жүргүзгөндүгү белгисиз. Депутаттардын пикиринде, компания менен ал кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

«ТВЕА менен келишимше «Электрстанциялар» АКК кол коюп, алардын бүтүмү менен биз сүйлөшүүлөрдү баштаганбыз» — дейт Осмонбек Артыкбаев.

2013-жылы 12 депутат ТВЕАнын чакыруусу менен Гонконгго барып келгени да белгилүү.

ТВЕА менен келишим түзүү алдында президенттин аппаратында эки ача ойлор болгондугу дагы белгилүү болду. Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков кытай ишкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, бирок баасын арзандатууга үндөсө, финансалык-экономикалык бөлүмдүн башчысы Нурсулуу Ахмедова ТВЕАнын ЖЭБти кайра оңдоодо тажрыйбасы жоктугун кабарлап, президентке кат жолдогон.

Ал арада мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун 5 жылда 46 жолу Кытайга учуп баргандыгы жана компания президент эмес аны менен сүйлөшүү жүргүзгөндүгү айтылды.

«Кытай элчилиги жана ТИМ 2009-жылы Бакиевдин ордуна Кытай менен Сапар Исаков сүйлөшүү жүргүзгөндүгүн айтышты. Бир аткаминер 15 жолу кытай тарап менен жолугушкандыгы айтылды. Ким экендигин сурасам Сапар Исаковдун аты аталды. Алар президентке эмес, Сапар Исаковго киришиптир» — дейт Каныбек Иманалиев.

Сапар Исаков бул айыптоолорду жокко чыгарат.

Парламентте мурдакы премьер-министрдин кытайларга «крыша» болуп жаткандыгы дагы айтылды.

Похожее изображение

 

Белгилей кетсек, Осмонбай Артыкбаев 2013-жылы энергетика министри кезинде жаңы ЖЭБ куруларын кабарлаган.

ЖЭБ боюнча жооптуу адамдардын катарына ТВЕА менен келишимди ратифакациялаган парламенттин ал кездеги спикери Асылбек Жээнбековдун, комитет төрагасы Кожобек Рыспаевдин дагы жоопкерчилигин кароо сунушталган.

«Жогорку Кеңеш келишимдеги бир да тамганы алмаштыра албайт. Ошонун баарын билип туруп «Ооба, биз кылдык эле. Ким күнөөлүү болсо жазасын тартсын» дегендин ордуна силер өзүңөр баш болуп күнөөлүүлөрдү башка жактан издегиңер келип жатат. Бул туура эмес. Комиссиянын жыйынтыгын колдоп, тергөө органдарына беришибиз керек. Алар өзүлөрү аныктайт. Кытай — биздин жакшынакай коңшубуз, жетекчилери керек болсо бизге жардам берет. Себеби биздин достугубуз шексиз. Шек келтирип жаткандар — Жогорку Кеңеш эмес, комиссия эмес, ошол келишимди даярдап, бизге алып келген адамдар», — деп билдирди Асылбек Жээнбеков.

Картинки по запросу асылбек жээнбеков 

 

Келишимдеги кемчиликтер

Келишимде акча Кыргызстанга бөлүнүп жатканы менен аны коротуу укугу каралган эмес. 380 миллион долларды ТВЕА кармап, каалагандай сарптаган.

«Насыя алып, бирок акча колго тийбегени кандай? Биздин аткаминерлер бир да тыйынды каалагандай корото алышбаптыр. Кычкачты ким 600 долларга сатып алды? Демек келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы каралган эмес» — деди депутат Айсулуу Мамашова.

Үстөк наркы менен Кыргызстан Кытайга 480 миллион доллар төлөшү керек.


скачать dle 11.0фильмы бесплатно