Turmush -
14-майда Кадамжай шаарындагы сел аккан Ак-Суу дарыясына өз боюн таштап
каза болгон 47 жаштагы Александр Кимдин денеси Өзбекстандын аймагынан табылды.
Бул тууралуу бүгүн, 17-майда ӨКМдин Кадамжай районундагы бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, учурда анын денесин алып келүү боюнча
сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 14-майда катуу жааган жаандан улам Кадамжай шаарынын айрым
жерлеринен сел кеткен. Ошол учурда Кадамжай шаарынын 1971-жылы туулган тургуну
Александр мас абалында сел агып жаткан Ак-Суу дарыясына өз боюн таштап
жиберген. Денеси алынып келингенден кийин анын мас экендиги жана боюн өзү
таштап жибергендиги такталат
http://batken.turmush.kg/news:345718/?from=kg_turmush&place=newstoplast