Turmush -
Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматкерлери
уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты.
Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, 2018-жылдын февраль
айында Үч-Коргон айылынын 23 жаштагы тургуну Э.Б. "Дэу-Ланос” үлгүсүндөгү
унаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз бирөө айдап качып кеткендигин билдирип
милицияга арыз менен кайрылган. Бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, ошол эле
күнү Кадамжай РИИБдин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, унааны
айылдын четиндеги талаадан табышкан.
Шектүү из жашыруу үчүн ошол эле түнү Бишкек шаарына качкан.
Ал буга чейин бир нече жолу соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү
катары ИИМдин атайын тизмесинде турган, Марказ айылынын тургуну 25 жаштагы
тургуну Ш.З. экендиги такталган. Ал Бишкек ШИИБдин кызматкерлери менен
биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кармалып, убактылуу
кармоо жайына киргизилди
http://batken.turmush.kg/news:345874/?from=kg_turmush&place=newstoplast