Turmush -
Баткенде 25-май — Акыркы коңгуроо аземинде жол кыймылынын коопсуздугун
камсыздоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет. Бул тууралуу Баткен
ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт-насаат инспектору
Чолпонбай Арстанбеков билдирди.
Анын айтымында, кызматкерлер облус аймагындагы ар бир
мектептерге бөлүнүп, мугалимдер менен биргеликте иш алып барышат. Окууну аяктап
жаткан 9-11-класстын окуучуларынын унаалар менен жүрүүсүнө тыюу салынган.
Эгерде мындай учурлар каттала турган болсо КРнын Кылмыш-жаза кодексинин
244-беренесинин негизинде 3000 сомдон 5000 сомго чейин айып пул салынат. Буга
чейин жер-жерлерде ата-энелер, мугалимдер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Былтыркы жылы жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда 12 жол кырсыгы
катталып, 3 өспүрүм каза болгон. 12 өспүрүм ар кандай жаракаттарды алып
ооруканага кайрылышкан.
Быйылкы жылы өспүрүмдөр арасындагы 17 жол кырсыгы катталып, 1
өспүрүм каза болгон. 17 өспүрүм ар кандай жаракат алган.
http://batken.turmush.kg/news:345965/?from=kg_turmush&place=newstoplast