Бүгүн:

Акыркы кабарлар

13:47
КСДП Икрамжан Илмиянов июнда каякка чыгып кеткенин айтты
13:45
УКМК Икрамжан Илмиянов боюнча үн катты
13:45
Илмияновду камоо боюнча токтом чыкканын Жогорку сот тастыктады
10:23
Facebook тармагына “Икрамжан Илмиянов камакка алынсын” делген документ тарады
10:11
Радикализмдин алдын алып... Студенттер 16 күндүк окуудан өттү
10:05
Эрежени бузбаңыз! Балыкчы шаарынын жолдоруна видео камералар орнотулду
09:37
Мектепке барып окуй албаган балдар эми үйдөн билим алат
09:26
Депутат: эл картошкасын сата албай кыйналып жатат
09:25
Анара Мамбеталиева кайра Мамэкотехинспекцияда иштемей болду
09:49
Түрк дүйнөсү тууралуу китеп чыкты
09:48
Бүгүн "Ак-Бата" жаңы конушундагы аялдарды дарыгерлер акысыз көрөт
09:45
Казакстандын Өзбекстандагы элчиси 400 миң доллар уурдаган деп айыпталууда
14:24
Жоголуп кеткен эки кыз менен бир бала Токмоктон табылды
14:19
Күн катуу сууктаса Бишкек ТЭЦи 3 күн ичинде жылуулук бере алат
14:05
Суракматов сөзүнө турду! Сабалган окуучу боюнча чоңдор жазаланды
14:04
Бишкекте фитосанитардык логистикалык борбор ачылды.
14:01
Бишкекте фонтандардын маалы бүттү
13:59
Мэрия жылуулукту качан берерин эки күндөн кийин так айтат
11:16
Кыргызстандын дагы бир учагы Москвада уча албай турат. Окуянын жоо-жайы
11:13
Бишкек — Ош жолундагы кыш. Кар менен тумандын видеосу
11:06
Көлдө чабак деп кайсы балык сатылып жатканын билбейсиңер да... Экологдун маеги
10:53
Мэр Азиз Суракматов оозу жырылгыча сабалган окуучудан кабар алды
10:21
Тигүүчү, тамада, ырчы. Өз кесибинен тыш кошумча жумушта иштеген мугалимдер
10:19
Чаткалда эски мектеп өрттөнүп, окуучулар китепсиз калды.
09:26
Бишкек тумчугуп баратат. Борбор калааны көчүрүү тууралуу 6 пикир
12:23
Милиция айдоочуларга дөңгөлөктү маалында алмаштырууну эскертти
12:21
Россия Борбор Азияга ракты дарылоо боюнча жардам берүүнү көздөйт
10:14
Бишкектеги кафенин кызматкерлерин катуу сабаган үч кишинин бирөө кармалды
10:03
Карамушкина Санкт-Петербургдагы кыргыздардын абалына кейиди
10:01
Депутат: куш тумоосу деп жатып ишкерлерге тоскоолдук жараткан жокпузбу?
10:37
Чүй облусунда үч туугандын машинасы табылып, өздөрү изделүүдө. Сүрөт
10:32
Бүгүн эл аралык кыздар күнү. Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт
10:27
Кесиптешинин кылыгын жашырган 10 милиционерге чара көрүлдү
10:22
Новопокровкада алабайдын талоонуна калган кыз башынан жаракат алды. Милиция эмне деди
09:40
Депутат: Кыргызстанда эки гана лаборатория стандартка жооп берет
09:37
Султан Жумагуловдун сөөгү жерге берилди
09:35
Чүйдүн Казакстан менен чектешкен жери боюнча үч мекеме үч башка жооп берди
09:31
Бүгүн эртең менен Алайда жер силкинди
09:27
Махабат Мавлянова: коом моралдык жактан деградация болуп жатат
09:26
КР жарандары канча өлкөгө визасыз кире алат? Паспорттор рейтинги
10:40
Астанада төрт өлкөнүн төкмөлөрү катышкан эл аралык айтыш өтөт
10:39
Эмнеге Кыргызстандан акча сыртка "агып" кетет. Адистердин жообу
10:30
Бишкектин эң начар жана эң мыкты кафе-ресторандары. Тизме
10:26
Министр боло калам деп чырга кабылып... ЖКнын "атагы чыккан" экс-депутаттары
10:18
Лунара Мамытова кызматын тапшырат
Бардык кабарлар

Жаңы үйлүү болгондо ыйладым. Өзгөндө 20 жылдыктар пенсионерге там салып берди

Жаңылыктар
8 547
0

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кашка-Терек айылындагы мектепти 20 жыл мурда бүтүргөндөр айылдашы, жакыр жашаган пенсионер аялга үй куруп беришти. Бул туурасында аталган айыл башчы Мавлян Аданбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Балдар жакшы иш кылышты. Бул Кашка-Теректеги эң биринчи саамалык. Үйлүү болгон Пазилат Акматалиева 25-майда үйүнө кирейин деп турат", — деди Аданбаев.

Пенсионерка Пазилат Акматалиева из села Кашка-Терек Узгенского района Ошской области, для который выпускники школы построили дом
© ФОТО / НУРГАЗЫ КОЖОЕВ
"Балдарга рахматымдан башка эч нерсе айта албай турам. Албетте, мындай камкордукка сүйүндүм, ыйладым", — деди Акматалиева

Колдоого аларлык мындай демилгени баштагандардын бири, курулуш, акча чогултуу иштери менен чуркап жүргөн Кашка-Терек айылынын тургуну Акылбек Алимкановду кепке тарттык.

"Бул тууралуу кеп алты ай мурда башталган. Бир ирет райборборго топ ойногону барганда мектепти бүткөнүбүздүн 20 жылдыгын белгилөө тууралуу сүйлөшүп, анан ушундай чечимге келдик. Ресторанга барып, ичип-жеп тарап кеткенден көрө бир үй-бүлөгө болсо да жакшылыгыбыз тийсе жаман эмес дедик да, акырындап даярдыкты баштадык", — деп айтып берди Алимканов.

  • Бул үйдү Капал Кулматов атындагы орто мектепти 1998-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр пенсионерге куруп берди
  • Пенсионерди үйлүү кылуу үчүн 22 бүтүрүүчү асты 15 миң, арты 5-6 миң сомдон чогулткан
  • Жүрөк жылыткан бул ишти Өзгөндүн Кашка-Терек айылында эле эмес, Бишкекте, Россияда жашап-иштеп жаткандар ишке ашырыптыр
  • Үйдү тургузууга болжол менен 300 миң сомго чукул акча кеткен
1 / 4
© ФОТО / НУРГАЗЫ КОЖОЕВ
Бул үйдү Капал Кулматов атындагы орто мектепти 1998-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр пенсионерге куруп берди

Биздин маектеш бул үй-бүлөнүн социалдык абалынан улам там салып берүүнү чечкендигин билдирди.

"Үч баланын энеси, 59 жаштагы Пазилат Акматалиеванын уулу мындан бир нече жыл мурда каза болуп калган, учурда колунда бир кызы бар экен. Ал кишинин жашап турган үйү кар эмес, катуу жамгырга туруштук бере албаган абалда болчу. Анан ушул бүлөгө жардам берүүгө токтолдук", — деди Алимканов.

Бул жакшы ишти ошентип 1998-жылы Капал Кулматов атындагы орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр жүзөгө ашырды.

Айылдагы колдоого муктаж жашоочунун үйлүү кылуу үчүн 22 бүтүрүүчү асты 15 миң, арты 5-6 миң сомдон чогулткан. Анын аркасынан жалгыз бой аялга баш-аягы 300 миң сомго эки бөлмөлүү үй тургузуп беришти.

Көптөргө үлгү боло турган, жүрөк жылыткан бул ишти Кыргызстандын Кашка-Терек айылында эле эмес, Бишкекте, Россияда жашап-иштеп жаткан балдар ишке ашырыптыр.

 

"Классташтарым ашып-ташып кеткен байлыгы болбосо да, кайрымдуулук, адамдын адамга жардам көрсөтүүсү керек деген ниетте жасашты. Албетте, бул ар бир адамдын өзү үчүн да жагымдуу бир ирмемдерди тартуулайт экен. Үйдү толугу менен бүтүп, тапшырып бердик", — деди активист бүтүрүүчү.

 

Алардын арасында соодагери да, бизнесмени да, дыйканы да, малчысы да, аскер кызматкери да, мекенинен алыс жүргөн мигранты да бар экен.

Жаңы үйдүн кожойкеси Акматалиева биз менен сүйлөшкөндө улам-улам ыраазылыгын айтып, айылдаш балдарды алкады. Ал көп жыл мектептин полун жууп жүрүп, андан соң пенсия чыгыптыр.

"Балдарга рахматымдан башка эч нерсе айта албай турам. Алардын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, аманчылык каалайм. Жакшылыктан куру болушпасын. Албетте, мындай камкордукка сүйүндүм, ыйладым", — деди кубанычын, ыраазылыгын билдирген Акматалиева.

 

Ал 25-майда эл чакырып, анан үйүнө кирүүгө даярданып жаткандыгын бир кубанып, бир толкунданып айтып берди.

 

Ал эми кошуналарынын бири жаңы үйгө жаңы оокат-тиричиликтерди, жаңы төшөктөрдү тигип, белек кылууга камданып жаткандыгын айтып берди.

Кыргызстанда мектепти бүткөндүгүнө 10, 20, 30 жыл болгондор аны дүңгүрөтүп белгилөөгө кете турган каражатты социалдык багытка бурган тенденция басымдуулук кылып бара жаткан чак. 



Дагы: https://sputnik.kg/society/20180522/1039293338/ozgondo-20-zhyldyktar-zhalgyz-boy-ayalga-tam-salyp-berdi.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно