Turmush - Баткен
облусунда 25-май — Акыркы коңгуроо майрамында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн
тартипте иштейт. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, район-шаарларда окуучулардын унаалар
менен топтолуп жүрүшүн, ар кандай кырсыктарды алдын алуу максатында 500дөн ашык
милиция кызматкерлери иштейт. Баткен шаарынын чыга беришине, эс алуучу жайларга
атайын посттор да уюштурулду.
http://batken.turmush.kg/news:346039/?from=kg_turmush&place=newstoplast