Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:21
Тигүүчү, тамада, ырчы. Өз кесибинен тыш кошумча жумушта иштеген мугалимдер
10:19
Чаткалда эски мектеп өрттөнүп, окуучулар китепсиз калды.
09:26
Бишкек тумчугуп баратат. Борбор калааны көчүрүү тууралуу 6 пикир
12:23
Милиция айдоочуларга дөңгөлөктү маалында алмаштырууну эскертти
12:21
Россия Борбор Азияга ракты дарылоо боюнча жардам берүүнү көздөйт
10:14
Бишкектеги кафенин кызматкерлерин катуу сабаган үч кишинин бирөө кармалды
10:03
Карамушкина Санкт-Петербургдагы кыргыздардын абалына кейиди
10:01
Депутат: куш тумоосу деп жатып ишкерлерге тоскоолдук жараткан жокпузбу?
10:37
Чүй облусунда үч туугандын машинасы табылып, өздөрү изделүүдө. Сүрөт
10:32
Бүгүн эл аралык кыздар күнү. Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт
10:27
Кесиптешинин кылыгын жашырган 10 милиционерге чара көрүлдү
10:22
Новопокровкада алабайдын талоонуна калган кыз башынан жаракат алды. Милиция эмне деди
09:40
Депутат: Кыргызстанда эки гана лаборатория стандартка жооп берет
09:37
Султан Жумагуловдун сөөгү жерге берилди
09:35
Чүйдүн Казакстан менен чектешкен жери боюнча үч мекеме үч башка жооп берди
09:31
Бүгүн эртең менен Алайда жер силкинди
09:27
Махабат Мавлянова: коом моралдык жактан деградация болуп жатат
09:26
КР жарандары канча өлкөгө визасыз кире алат? Паспорттор рейтинги
10:40
Астанада төрт өлкөнүн төкмөлөрү катышкан эл аралык айтыш өтөт
10:39
Эмнеге Кыргызстандан акча сыртка "агып" кетет. Адистердин жообу
10:30
Бишкектин эң начар жана эң мыкты кафе-ресторандары. Тизме
10:26
Министр боло калам деп чырга кабылып... ЖКнын "атагы чыккан" экс-депутаттары
10:18
Лунара Мамытова кызматын тапшырат
10:09
Лейлектин айылдарына кар жаады. Жеринен алынган сүрөттөр
10:03
Бишкекте кышкысын селсаяктар үчүн баш калкалоочу жайлар ачылат. Даректер
09:52
Кыргызстандын ири ишканаларын ким тескейт? Таскагы катуу 8 жетекчи
09:35
Прокуратура Исакунова, Каденова, Мамытова кайсы жакка кантип барганын ачыктады
09:15
Кыргызстандык режиссердун "Аврора" тасмасы Кореядагы фестивалда күч сынашууда
11:09
Кыргызстандык режиссердун "Аврора" тасмасы Кореядагы фестивалда күч сынашууда
10:56
Керек болсо жапжаш сулуу кыздар да жуунбайт! Кыргыз хирургу гигиена тууралуу
10:37
Москвада жоголуп кеткен кыргызстандык бир сутка бою изделди
10:36
Сооронбай Жээнбеков: авиаучуулардын коопсуздугун күчөтүү зарыл
10:35
Темир устанын баласы... Улуу окумуштуу Болот Юнусалиев тууралуу 6 факты
09:18
Министр Султан Жумагулов дүйнө салды
13:45
Айтматовсуз дүйнөлүк маданият бөксөрө түшөт. Жээнбеков улуу жазуучу тууралуу
13:44
Жээнбеков: "Ысык-Көл форуму" мезгилдин чакырыктарына жаңычыл жооп сунуштаган
13:38
Нарындын калкы бир кышта 45,5 миң тонна көмүр жагат
13:36
Кыргыз парламентинин 80 жылдыгы шаан-шөкөтсүз белгиленет
13:31
Кыргызстандан көңүлү калган немис фотографы агынан жарылды
11:28
Футбол дарбазасы басып калган бала. Иш сотко өттү
13:38
Тоталитаризмден парламентаризмге... Эгемендиктин 27 жылдык сабагы
13:29
Эл өкүлү Башкы прокуратуранын эски ордун сквер кылууга каршы чыкты
13:19
Бишкектин оңдолгон бир нече көчөсү ачылат.
10:05
Иш издеп жүрөсүзбү? Бишкекте жумуш жарманкеси өтөт
09:59
Учак жүргүнчүлөрүнүн баштыктарын ушинтип жүктөштү. Соцтармакты чуу кылган видео
Бардык кабарлар

Жиу-житсучу Муртазалиев: мелдеште кыргыз гимни ойнолбой калабы деп чый-пыйым чыкты

Жаңылыктар / Спорт
116
0

24 жаштагы Абдурахманхаджи Муртазалиев жиу-житсу боюнча Кыргызстандын көзгө басар балбаны, аталган спорттун түрү боюнча федерациянын президенти. Бирок спортчу өтө жөнөкөй, жетишкендиктери тууралуу баяндаганды жактыра бербейт.

Спортчу жиу-житсу боюнча Азия чемпиону, Азия оюндарынын алтын байге ээси жана грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында эки жолу күмүш медаль тагынган. Мындан сырткары, 50дөн ашык эл аралык мелдеште ийгилик жараткан.

Негизи эле Абдурахманхаджи жиу-житсуну түптөөчүлөрдүн бири катары тарыхта калса керек. Себеби беш жыл мурда агасы Муртазали менен биринчилерден болуп аталган спорттун бразилиялык түрүнөн федерация ачып, борбордогу ири машыгуу залында чемпиондорду тарбиялап келишет.

Атыңыз "Абдурахманажыбы же Абдурахманхаджибм?" десем, "жөн эле Абдурахман деп коюңуз" деди. Бүгүнкү конок менен маек ушинтип башталды.

— Абдурахман, алгач үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Улутум — даргин. Ата-энем Кыргызстанда туулуп өскөн. Үй-бүлөбүз чоң, беш бир тууганмын. Улуу байкем Муртазали экөөбүз спортчубуз. Менден улуу эки эжем турмуш курган, карындашым болсо мектеп окуучусу. Апам үй кожойкеси, атам жеке ишкерлик менен алектенет.

Чемпион Азии по джиу-джитсу Абдурахманхаджи Муртазалиев во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТААЛАЙГУЛЬ УСЕНБАЕВА
Балбан Абдурахманхаджи Муртазалиев: 9-классымдан тарта машыктыруучу Турат Кулубаевдин колунда дзюдо менен алектендим. Беш жыл жыйынтык көрсөтө алган жокмун. Жок, дзюдо оор дебейм, болгону өзүмдү таба албадым.

— Балалыгыңыз кандай өттү?

— Апам менин билим алышыма басым жасап, кошумча ийримдерге, тил курстарына берчү. Карындашым төрөлгөндөн кийин сабактарды калтырып, өзүмдү көзөмөлдөбөй калганымды байкадым. 4-8 класска чейин башка мектепке которуп индивидуалдуу окутууга өтүштү. 9-классты кайра өзүмдүн мектебимен бүтүрдүм. 10-класс кезимде атам Малайзиядагы Ислам мектебине сегиз айлык окууга жиберди. Ал жактан диний сабактардан тышкары англис тилин үйрөндүм. Апамдын адып барып жүргөн курстарынын жардамы ошондо тийди.

— Спортчулар берген маектеринде бала чагында тентек болгонун, көчөдө мушташкандарын айтып калышат…

— Ансыз болбойт го (күлүп). Бирок азыр мушташпайм. Көчөдө урушуу кесипкөй спортчунун жасай турганы эмес.

Чемпион Азии по джиу-джитсу Абдурахманхаджи Муртазалиев с братом Муртазали Муртазалиевым
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО АБДУРАХМАНХАДЖИ МУРТАЗАЛИЕВЫМ
Ага-ини Муртазалиевдер. Абдурахманхаджи жиу-житсу федерациясынын президенти болсо, Муртазали — башкы машыктыруучу

— Байкеңиз Муртазали экөөңүздөрдү жиу-житсуну Кыргызстанга алып келген адам катары билебиз. Негизи эле спорт чөйрөсүнө кандайча аралашып калгансыз?

— 9-классымдан тарта машыктыруучу Турат Кулубаевдин колунда дзюдо менен алектендим. Беш жыл жыйынтык көрсөтө алган жокмун. Жок, дзюдо оор дебейм, болгону өзүмдү таба албадым.

 

Малайзияга окууга кетип жатканда атам мени жалгыз болбосун деп байкем Муртазалини кошуп берген. Экөөбүз эки башка окуу жайда билим алдык. Окуум бүткөндө агам Кыргызстанга кайтпастан жиу-житсу менен алектенип, Малайзияда калып калды. Мен дзюдочу болуп жүргөндө ал жиу-житсу боюнча мелдеш боло турганын айтып Малайзияга чакыртты. Агам экөөбүз тең жеңишти камсыздадык. Дзюдо менен жиу-житсунун көп ыкмалары окшош болгондуктан мелдеш оор деле болгон жок. Дзюдодо көтөрүп чабууга уруксат берилсе, жиу-житсуда кайруу-толгоо, муунтуу ыкмаларында чек жок.

 

Кыргызстанга келгенде жиу-житсу боюнча машыгуу залын ачыш керек экендигин түшүндүм. 2012-жылы бул демилгени ишке ашыруу үчүн тыкыр иштеп баштадык. Байкем мекенге кайтып келем деген эмес, болгону жиу-житсуну өлкөдө жайылтуу зарыл экендиги ага шык берди.

— Залды иштетип, федерациянын түптөөдө көп эле кыйынчылыктар болсо керек да?

— Башында ылайыктуу имарат таппай кыйналдык. Үйдүн жанынан караштырып койдук эле, кошуналар зал салына тургандыгын угуп каршы чыгышты. Башка жактан издегенге туура келди. Биринчи машыктыруучубуз француз эле. Ал эки жума иштеп эле кетип калды… Агезде байкем экөөбүз жиу-житсунун ыкмаларын толук билчү эмеспиз. Залда болсо элүүдөй киши чогулуп калган. Интернеттен ыкмаларды карап балдарга үйрөтө баштадык. Анан Бразилиядан жаңы машыктыруучу келгичекти эки ай иштедик. Ал машыктыруучу жарым жыл иштеп жакшы тажрыйба көрсөтүп берди. Бирок аялы бул жактан зеригип кеткендиктен кетип калды. Дагы бир бразилиялыкты чакырдык эле, ал да кетип калды. Ошондон кийин сырттан машыктыруучу алып келгендин пайдасы жок экенин түшүнүп, андан көрө өзүбүз чет мамлекеттен машыгуулардан өтүп келип балдарга үйрөтүүнү эп көрдүк.

Буюрса окуучуларыбыз эл аралык мелдештерде, Азия чемпионатында байгелүү орундарга жетишип жатат. Азыр жаштарга басым жасап жатабыз. 2024-жылы жиу-житсу Олимпиада оюндарына кирет деген божомол бар. Ошого эмитен камдана баштадык. Ар бир салмак боюнча мыктыларды караштырып, ар бирине ыкма коюп жатабыз. Мен Олимпиадада күрөшө аламбы же жокпу, аны кудай билет. Бирок окуучуларыбыз сөзсүз ал жакта ийгиликке жетишет.

Чемпион Азии по джиу-джитсу Абдурахманхаджи Муртазалиев во время соревнований
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГАМФКИС
Кыргызстандык балбан Абдурахманхаджи Муртазалиев былтыр Ашхабадда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында алтын байгеге ээ болгон

— Жиу-житсу боюнча алдыңкы спортчулардын катарындасыз. Буга деңгээли боюнча Олимпиада оюндарынан кийинки эле Азия оюндарында тагынган алтын байгеңиз мисал. Федерациянын ишинен сырткары жеке өзүңүздүн спорттук жолуңузда кандай кыйынчылыктар болду?

— Азия оюндарына даярданам деп Америкада төрт ай жүрдүм. Ал жакта машыгуу процесси оор эле. Үч жума араң чыдап, үйгө кетип калсамбы деген ойлор болду. Ден соолугум өтө эле тобокелге салынгандай сезилди. Анысы аз келгенсип мен жаткан мейманкана менен залдын ортосу үч сааттык жол эле. Тамак-ашты адал деген жерлерден ичкенге аракет кылдым. Шаарды жакшы билбегендиктен шаурма же дүкөнгө кирип печенье, алма сыяктуу азык жегенден башка айла жок болду. Кыскасы туура тамактануу болгон жок. Абасына да көнө албай кыйналдым. Бирок дүйнөдөгү күчтүү балбандар менен машыгып, чоң тажрыйба топтодум.

 

Ички маанайдан да көп нерсе көз каранды. Машыгуулардын биринде австриялык адам менен пикир алышып калсам "өзүңдү мелдешке чейин чемпион сез, барганда медалды эле алып кеткендей бол" деди. Көп өтпөй Азия чемпионатында, андан кийин Азия оюндарында алтын байге уттум. Азия оюндары абдан чоң мелдеш. Ал жактан чемпион болом деп ойлогон эмесмин, жеңишиме абдан таң калдым. Медаль такканда 15-20 мүнөт өзүмө келе албай, "бул менминби?" дедим.

 

— Спорт жаракатсыз болбойт эмеспи…

— Олуттуу жаракатым деле жок. Убактылуу жаракаттар болот, дарылагандан кийин калыбына келет. Азия оюндарына үч жума калганда машыгып жатып бутум менен колумду кокустатып алып, бир жума үйдө жаткам. Биринчи кезекте байкем Муртазали өзүн күнөөлөдү. Себеби аны менен спарингге чыккан болчумун. Ошого карабай мелдешке катышууну чечтим. Буту-колума бинттерди ороп, дартымды сездирбөөчү дары ичип алдым. Анткени жиу-житсуда онтогон же кыйкырган үндөрдү чыгарсаң, калыстар кармашты токтотуп жеңишти атаандашыңа ыйгарып коет.

Чемпион Азии по джиу-джитсу Абдурахманхаджи Муртазалиев на церемонии награждения
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГАМФКИС
Муртазалиев: Азия оюндары абдан чоң мелдеш. Ал жактан чемпион болом деп ойлогон эмесмин, жеңишиме абдан таң калдым. Медаль такканда 15-20 мүнөт өзүмө келе албай, "бул менминби?" дедим.

— Негизги ыкмаңыз кайсы?

— Үч бурчтук ыкмасы менен муунтканды жактырам. Мында эки бутуңдун жардамы менен атаандаштын моюну менен колун кысып, муунтуп коесуң.

— Салмак кууганда кыйынчылыктар болобу?

— Мурда салмагымды 77 килограммга тууралачумун. Кийин өз ченимде мыкты беттеш көрсөтө алаарыма көзүм жетти. Азыр 85 килограммда килемге чыгам, бирок чынында эки килограммга кичирээкмин.

— Түшүнүктүү. Instagram тармагында баракчаңыз бар экендигин билебиз, өзүңүз тууралуу пикирлерди окуйсузбу?

— Көбү мелдештен кийин куттук айтып, ийгилик каалашат. Баарына ыраазымын. Биздин машыгуу залы тууралуу көп сурашат. Спорт менен алектенем дегендерге ар дайым эшигибиз ачык.

Чемпион Азии по джиу-джитсу Абдурахманхаджи Муртазалиев
© ФОТО / ТААЛАЙГУЛЬ УСЕНБАЕВА
Кыргызстандык спортчу Муртазалиев: Кудай буюруп, оюмдагыдай кыз тапсам эле үйлөнөм. Динге берилген кыз издеп жүрөм.

— Көңүл ооруткан билдирүүлөрдү таштагандар да болду беле?

— Бир гана учур болду. Анда мен Вьетнамда өткөн Азия чемпионатында алтын байге уткан болчумун. Адатта жеңүүчүлөрдү тепкичке чыгарып сыйлап, анан мамлекеттердин гимнин жаңыртат эмеспи. Сыйлоо аземи башталды. Мага чейинки чыккан балдарды карасам, уюштуруучулар гимни жок эле бүтүрүп коюшту. Алтын алган араб спортчусунун жанына барып "эмнеге гимн ойногон жок?" деп сурадым. Себеби мен чыксам да ошондой мамиле кылышмак. Ошондон кийин араб жигит уюштуучулар менен сүйлөшкөнгө кеткен. Анан бир маалда турнирди өткөргөндөр гимн коебуз дешти. Аларды бир саат күттүк. Өзүбүз турнирден кийин тердеп, ачка болчубуз.

 

Жеңиштин сезими өзгөчө экен, медаль тагынып пьедесталда бир топко чейин толкунданып турдум. Вьетнамдан Малайзияга жол тартмакпыз. Аэропортко келгенде ыраазычылык иретинде пост жазып, сыйлоо аземиндеги видеону жүктөп койдум. Аэропорттон түшүп интернетке кирип абдан таң калдым. Жеке баракчам мынчалык көп жагымсыз комментарий менен смс билдирүүлөргө толгон эмес… Көрсө колумду көкүрөгүмө койгонду унутуп калыптырмын! Чынын айтсам, толкунданып атып эсимден чыгып кетиптир. Аз жерден эл душманы болуп кала жаздадым. Машыктыруучум Бруно экөөбүз башында комментарийлерди өчүрүп жатканбыз, андан кийин "диванда отуруп эксперт" болгондорго көңүл бургубуз келген жок. Андан кийинки мелдештерде баамчыл болуп калбадымбы.

 

— Instagram баракчаңыздан UFC өткөргөн турнирлердин биринде болгонуңузду көрдүм. Ал жакка кандайча барып калдыңыз, менимче билеттери кымбат болсо керек?

— Хабиб (Нурмагомедов) чыгып жаткандан кийин барбай койсом болбой калмак. Алысыраак жакта отурганым үчүн 173 доллар төлөдүм. Бул Америка үчүн көп деле эмес.

Кыргызстанский спортсмен Абдурахманажы Муртазалиев занял первое место на соревнованях по джиу-джитсу Chicago spring Open в США
© ФОТО / МУРТАЗАЛИ МУРТАЗАЛИЕВ
Жиу-житсу федерациясынын президенти Муртазалиев: 2024-жылы жиу-житсу Олимпиада оюндарына кирет деген божомол бар. Мен анда күрөшө аламбы же жокпу, аны кудай билет. Бирок окуучуларыбыз сөзсүз ал жакта ийгиликке жетишет.

— Хабиб Нурмагомедов Бишкекке келгенде аэропорттон журналисттер менен бирге Кыргызстандын белгилүү спортчулары да тосуп алышты эле. Ал жолугушуу тууралуу эмне деп айта аласыз?

— Мен анын айдоочусу болгом. Тагыраагы, ал отурган унаанын рулун башкарып аэропорттон мейманканага чейин жеткизгем. Сүйлөшүп барганга жакшы мүмкүнчүлүк болду, ал абдан жөнөкөй экен. Спорт боюнча жакшы пикир алышып, өзүмө көп керектүү нерселерди ала алдым. Мен аны жөнөкөй адамдык сапаттары үчүн сыйлайм.

— Ошондо уюштуруучулар сизди Хабибди жеткирип берүүнү сунуш кылышты беле?

— Мен өтүнгөм. Болбосо UFC мушкерин жеткирүүгө көп киши бар болчу.

— Сизде партер (жерде иштөө. — ред.) жакшы коюлган. Аралаш мушташтын беттештери кызыктырбайбы?

— ММА турнирин карап көрсө болот. Бирок мен өзүм аркалаган спорттун өтөсүнө чыккым келет.

— Спорттон тыш эмне менен алектенесиз? Чет өлкөдөгү машыгуулар менен мелдештердин чыгымы кымбат болсо керек…

— Башка иш деле кылбайм. Спорт залдан түшкөн каражатка жашайм. Бишкек гуманитардык университетин экономика тармагы боюнча аяктагам. Учурда Дене тарбия жана спорт академиясынын 3-курсунун студентимин.

— Сиз менен таанышкысы келген жаштар деле көп болсо керек, тагыраагы, кыздар тууралуу айтам. Качан үйлөнүүнү пландап жатасыз? 

— Кудай буюруп, оюмдагыдай кыз тапсам эле үйлөнөм.

— Кандай кыздар жагат?

— Динге берилген кыз издеп жүрөм.

— Алдыдагы пландар тууралуу айта кетсеңиз?

— Эртең эмне болуп кетээрин билбейбиз. Лекциялардын биринде шарият боюнча алдыга божомолдорду жоруган туура эмес деп уккам. Баары кудайдан.



Дагы: https://sputnik.kg/sport/20180607/1039559575/abdurahmahadzhi-murtazaliev-menen-maek.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно