DataLife Engine > Жаңылыктар / Дүйнө жаңылыктары > РФтеги жол кырсыгынан каза болгон үч кыргызстандыктын экөө наристе

РФтеги жол кырсыгынан каза болгон үч кыргызстандыктын экөө наристе

Кырсык Чувашия республикасынын Козловский районунда болгон.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кечээ, 4-июль күнү, Россияда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинде үч кыргызстандык каза тапканын полицияга шилтеме берүү менен Кыргызстандын РФтеги элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Чувашия республикасынын Козловский районунда болгон.

"РФ ИИМинин Чувашия республикасы боюнча бөлүмүнө кайрылганыбызда унаа кырсыгынын кесепетинен эки адам жабыркап, үч адам каза болгонун тастыкташты. Көз жумгандардын бардыгы кыргызстандыктар болуп чыкты. Бири 24 жашта болсо, экөө беш жана алты жаштагы наристелер экен", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Жаракат алган 36 жана 27 жаштагы адамдар кайсы өлкөнүн жарандары экени так айтылган эмес. Алар учурда Чебоксары шаарынын Тез жардам ооруканасында дарыланууда.

Иликтөө иштери башталганы айтылды.



Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20180705/1040025683/rossiya-zhol-kyrsygy-nariste-olum.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад