DataLife Engine > Жаңылыктар / Видео > Бишкекте алты машина кагышып, бир бала жабыркады. Видео

Бишкекте алты машина кагышып, бир бала жабыркады. Видео

Жол кырсыгы 4-июлда саат 15:00дөр чамасында болгон.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектин Гагарин жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде алты автоунаа кагышты. Анын видеосу Instagram баракчасына жарыяланды.

Шаардык милиция жол кырсыгы 4-июлда саат 15:00дө болгонун билдирди.


"Гагарин көчөсүндө этиятсыздыктан алты машина кагышты. Алардын көбү жолдун четинде токтоп турган. Жол кырсыгынын кесепетинен автоунаанын ичиндеги бир бала жеңил жаракат алып ооруканага жеткирилген", — дешти милициядан.

Бардык алты машина тең айып короого токтотулган. Чогултулган материал тергөө органдарына жөнөтүлдү.



Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20180705/1040029084/bishkekte-alty-mashina-kagyshyp-bir-bala-zhabyrkady-video.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад