DataLife Engine > Жаңылыктар / Баткен жаңылыктары > Кадамжайдын Тескей жайлоосунда балдар бакчасы ачылды

Кадамжайдын Тескей жайлоосунда балдар бакчасы ачылды

Turmush - Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Тескей жайлоосунда «Ак-Шоола» жайлоо балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу балдар бакчасынын жетекчиси Изат Абдурасулова билдирди.

Маалыматка караганда, жайлоодо 20 бала үчүн атайын боз үй тигилген. Ал жерде жайлоого чыккандардын жана Тескей айылындагы жашоочулардын балдары тарбияланат. Боз үйдө кыргыз элинин улуттук буюмдары коюлган. Балдар алар менен кенен тааныша алышат.

«Балдарга күн сайын кыргыздын улуттук оюндары да ойнотулуп турат», - деди Абдурасулова
http://batken.turmush.kg/news:348551/?from=kg_turmush&place=newstoplast

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад