DataLife Engine > Жаңылыктар / Баткен жаңылыктары > Баткенде Кытай берген акчага 46 км узундуктагы канал курулмак болууда

Баткенде Кытай берген акчага 46 км узундуктагы канал курулмак болууда

Turmush - Баткен районунун Дара жана Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы 1500 гектар дың жерди өздөштүрүү үчүн узундугу 46 км болгон каналдын курулушу башталууда. Бул тууралуу Баткен облустук суу чарба башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, канал Кытайдын кайтарымсыз грант түрүндө берилип жаткан 500 млн сом каражатына курулат. Алгач 12 км узундуктагы мурдагы канал оңдоп-түзөөдөн өтүп, 4 км магистралдык канал, 30 км чарбалык кичи каналдар курулат.

Кытайлыктардын айтымында, 3 жылдык мөөнөттө аткарылуучу бул жумушка 80% жергиликтүү тургундар тартылып, жөнөкөй жумушчулар 15 миң сомго, айдоочулар 28 миң сомго чейин маяна менен камсыз болот. Курулуш аяктаса учурда секундасына 2,5 метр куб агып жаткан каналдын сыйымдуулугу 4,5 кубга жетет.
http://batken.turmush.kg/news:348522/?from=kg_turmush&place=newstoplast

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад