DataLife Engine > Жаңылыктар / Баткен жаңылыктары > Баткендеги «Алтын Бешик» лагери эс алууга келген 120 баланы кабыл алды

Баткендеги «Алтын Бешик» лагери эс алууга келген 120 баланы кабыл алды

Turmush - Кечээ, 5-июлда Баткен районунун Кара-Булак айылындагы «Алтын Бешик» лагери эс алууга келген 120 баланы кабыл алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарада балдар үчүн ар түрдүү оюн-зооктор уюштурулду. 5 номинацияда сулуулар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, баалуу белектер тапшырылды. Быйыл лагерди оңдоо иштерине район жетекчилиги жана жеке ишкерлер тарабынан 80 миң сомго жакын жардам көрсөтүлдү.
http://batken.turmush.kg/news:348531

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад