DataLife Engine > Жаңылыктар / Дүйнө жаңылыктары > ЖМК: Роналду "Ювентус" клубуна өтүүгө макул болду

ЖМК: Роналду "Ювентус" клубуна өтүүгө макул болду

Алдын ала маалымат боюнча футболчу жаңы команда менен күйөрмандарга ушул жумада тааныштырылат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Реал Мадрид" клубу менен Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Италиянын "Ювентус" клубуна өтүүгө макул болгонун РИА Новости агенттиги Испаниянын As басылмасына таянуу менен жазды.

Алдын ала маалымат боюнча футболчу жаңы команда менен күйөрмандарга ушул жумада тааныштырылат.

 

Буга чейин айрым ЖМКлар "Ювентус" Роналдуну жайкы трансферде өзүнө алууга камынып жатканын жазышкан.

 

As басылмасынын жазышынча, Роналду макулдугун бергенден кийин "Реал Мадриддин" жетекчилиги футболчунун агенти Жорж Мендеш менен жолуккан. Эми трансфер ишке ашыш үчүн Испания менен Италиянын клубдарынын ортосунда макулдашуу болушу керек. Роналдунун бир жылдык айлыгы 30 миллион еврону түзөрү айтылууда.

Эске салсак, Роналду 2009-жылы "Манчестер Юнайтед" клубунан "Реалга" өткөн. Трансфердин баасы 93,4 миллион еврону түзгөн.



Дагы: https://sputnik.kg/world/20180706/1040045195/zhmk-ronaldu-yuventus.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад