DataLife Engine > Жаңылыктар / Фото > Нарынга милициянын автоунаасынын макети коюлду. Сүрөт

Нарынга милициянын автоунаасынын макети коюлду. Сүрөт

Макет эски "Москвич" автоунаасынан жасалган.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Нарын облусунун Оттук айылындагы Бишкек — Нарын — Торугарт автожолуна кайгуул милициясынын машинасынын макети коюлду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

В районе села Оттук Нарынской области на трассе Бишкек — Нарын — Торугарт появился объемный макет патрульной машины
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГУОБДД
Объемный макет патрульной машины на трассе Бишкек — Нарын — Торугарт

Ага ылайык, макет Нарын облустук ЖКККБнын демилгеси менен эски "Москвич" автоунаасынын кузовунан жасалган. Ал айдоочулар машинаны катуу айдаган жерге өткөн айдын аягында атайын коюлган.

Облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришкендей, макет өз "милдетин" мыкты аткарып жатат. Айдоочулардын көбү бел жерге келгенде машинасын акырын айдап калышкан.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20180706/1040048310/naryn-miliciya-avtounaa-maket.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад