DataLife Engine > Жаңылыктар / Фото > Төө-Ашуудагы тоннелдин жолу оңдолот. Иш учурундагы сүрөттөр

Төө-Ашуудагы тоннелдин жолу оңдолот. Иш учурундагы сүрөттөр

Жалпы жонунан тогуз чакырым жол оңдолот, мында аң-чөнөктөр ремонттолуп, жаракалар бүтөлөт, жол белгилери алмаштырылып, көпүрөлөр оңдоп-түзөлмөкчү.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Жакын арада Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннелдин түндүк тарабынан кирген жана ичиндеги жол оңдоло турганын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди. 

 
Жакын арада Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннелдин түндүк тарабынан кирген жана ичиндеги жол оңдоло турганын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди
Жакын арада Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннелдин түндүк тарабынан кирген жана ичиндеги жол оңдоло турганын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди

Маалыматка ылайык, ушу тапта Бишкек — Ош жолунун 121-129-чакырымына жаңы асфальт төшөлүп жатат
Маалыматка ылайык, ушу тапта Бишкек — Ош жолунун 121-129-чакырымына жаңы асфальт төшөлүп жатат
 
Биринчи катмары — 8 сантиметр болсо, экинчисинин калыңдыгы 5 сантиметр экени айтылды.
Биринчи катмары — 8 сантиметр болсо, экинчисинин калыңдыгы 5 сантиметр экени айтылды.
 
 

Маалыматка ылайык, ушу тапта Бишкек — Ош жолунун 121-129-чакырымына жаңы асфальт төшөлүп жатат. Биринчи катмары — 8 сантиметр болсо, экинчисинин калыңдыгы 5 сантиметр экени айтылды.

"Тоннелге кире берген жолдун эски асфальты алынды, жакын арада жаңысы төшөлөт. Андан тышкары тоннелдин ичиндеги жол да асфальтталат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жалпы жонунан тогуз чакырым жол оңдолот, мында аң-чөнөктөр ремонттолуп, жаракалар бүтөлөт, жол белгилери алмаштырылып, көпүрөлөр оңдоп-түзөлмөкчү.

Министрлик сапарга чыккандардан абалга түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20180710/1040101670/too-ashuu-tonnel-remont.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад