DataLife Engine > Жаңылыктар > Аптаптуу ысыктан улам иш күнү кыскартылабы? Министрликтин жообу

Аптаптуу ысыктан улам иш күнү кыскартылабы? Министрликтин жообу

10-июлда күндүн табы 40 градуска чейин көтөрүлөт.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Алдыдагы беш күн катары менен ысык 40 градустан жогору болгон учурда иш күнүн бир саатка кыскартуу каралган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева билдирди.

 

Ал ошондой эле КР Эмгек кодексинде ар бир иш берүүчү жумушчулардын эмгектенүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп берүүсү керектигин кошумчалады.

 

Белгилей кетсек, Кыргызгидрометтин берген божомолуна ылайык, бүгүн, 10-июлда, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында күн 40 градуска чейин ысыйт. Ал эми Ысык-Көлдө 32 градус, Нарында 36 градуска чейин көтөрүлөт. Жума аягына чейин берилген маалыматта күндүн табы Кыргызстандын бир дагы облусунда 40 градуска чейин жетпейт.

9-июлда Бишкекте ачык жердеги абанын температурасы 60 градуска дейре жеткен болчу.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20180710/1040105380/kun-ysyk-gradus-ish-kun-kyskaruu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад