DataLife Engine > Жаңылыктар / Баткен жаңылыктары / Кыргызстан / Тарых > Тарых барактары: Баткенде Кудаяр хан салдырган чеп 2 кылымга жакын убакыттан бери сакталуу

Тарых барактары: Баткенде Кудаяр хан салдырган чеп 2 кылымга жакын убакыттан бери сакталуу

Turmush - Баткен районунун Кан айылындагы Кудаяр хан чеби деп аталган коргон 200 жылга жакын убакыттан бери сакталып турат.

Кан айылынын тургуну Арзымат Ормоновдун айтымында,

«Тарыхый булактарда чептин бийиктиги 3,5 метр болгон деп айтылат. Менимче 5 метрге чейин же андан да узун болушу мүмкүн. Себеби Кан айылынын тургуну Арзымат Ормонов 4 метр болгон жерлери да бар. Чептин азыркы узундугу 200-300 метрге, туурасы 1 метрге жетет. Ал жөнөкөй кум-шагылдан, ылайдан жасалган эмес. Өзгөчө топурактан салынган. Анткени бүгүнкүгө чейин сакталуу. Убагында жергиликтүүлөр бузуп алып жер семирткич катары пайдаланышкан. 1999-жылы сакалчандар Баткенге бастырып келгенде деле биздин аскерлер бул чепти колдонушкан. Азыр эми корукка алынып, каралат. Мен ушул жерде жашап, чепти күн сайын көз алдымдан өткөрөм», - деди Ормонов.

Табышмактуу чеп 18-кылымдын аягы 19-кылымдын орто ченинде Кудаяр хандын бийлигинин учурунда салынгандыгы айтылат. Тарых барактарында анын курулушуна миңдеген адамдар иштегендиги айтылат.

«Кудаяр хан чеби – тоолуу, кууш капчыгайда, дарыяны бойлой дөңсөө жерде атайын тегиздеп салынган чеп. Бул чептен төмөндү көзөмөлдөп турууга ыңгайлуу болгон экен. Чептин негизги – жогорку бөлүгү 4,9 гектар аянтты ээлейт. Ал эми экинчи коргон 1 гектар аянтты тегеректеп тургузулган. Чеп пакса менен урулуп, бурчтарында, көрүнөө жерлеринде цилиндр формасындагы жайлар, кызмат бөлмөлөрү курулган. Эки коргондун бири-бирине өтмө жолу да туташ салынган. Дубалдын 1-1,5 метр бийиктигинде мылтык учу баткандай көзөнөктөр жайгашкан. Бул чептин атайын коргонуу үчүн курулгандыгын ал курулуштун өзгөчөлүгү жана жайгашкан орду далилдеп турат. Анткени тоо арасындагы албууттанган дарыяны бойлой кеткен жалгыз аяк жол бир топ татаал жана кооптуу болгондугуна карабастан, Сохтон Кара-Тегинге карай жападан жалгыз гана жол болгон. Бул жол Ооганстан, Иран, Пакистанга чейин жетип, андан ары Индияга чейин барган. Анын курулушуна миңдеген адамдар катышкан. Бул албетте ошол учурдагы хандын буйругу болгон. Чептин курулушу душмандардан коргонуунун жолу болгон. Кийин союз учурунда колдонулбай калды», - дейт тарыхчы Абдинаби Кадыров.

Мындан сырткары, чептин ичинен жерди оюп жасаган тандырлар жана бышкан кирпичтен курулган үйлөр кездешет
http://batken.turmush.kg/news:348717

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад