DataLife Engine > Жаңылыктар / Баткен жаңылыктары > Кадамжайдагы чек арачылар бөтөн паспорт менен жүргөн чет өлкөлүк адамды кармашты

Кадамжайдагы чек арачылар бөтөн паспорт менен жүргөн чет өлкөлүк адамды кармашты

Turmush - Кадамжайдагы чек арачылар мамлекеттик чек арадан бөтөн паспорт аркылуу өтүүгө аракет кылган адамды кармады. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, ал Өзбекстандын 1973-жылы туулган жараны Г.С. экени аныкталган.

Кармалган адам Кыргызстан аркылуу Фергана шаарынан Сох районуна багыт алган. «Кадамжай-автожол» өткөрүү пунктунан чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда 1954 жылы туулган М.О. аттуу жаранга тиешелүү паспортту көрсөткөн. Чек арачылар документтин ээсинин келбети менен паспорттогу сүрөттүн дал келбегенин байкап, сурамжылоонун алкагында кармалган адам үйүнө баруу үчүн бөтөн паспортту колдонгонун мойнуна алган.

Документтер толтурулгандан кийин чек ара мыйзамын бузуучу тиешелүү органдын кызматкерлерине берилди.
http://batken.turmush.kg/news:348718/?from=kg_turmush&place=newstoplast

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад