DataLife Engine > Жаңылыктар / Баткен жаңылыктары > Кадамжайдагы Исфайрам дарыясына 10 күндө 4 адам чөгүп каза болду

Кадамжайдагы Исфайрам дарыясына 10 күндө 4 адам чөгүп каза болду

Turmush - Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясына 10 күндө 4 адам чөгүп каза болду. Бул тууралуу 8-июлда Баткен облусунун жетекчилигинин көчмө жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, 8-июль күнү Кадамжай районунун А.Масалиев айыл өкмөтүнүн Золотой мост аймагында Исфайрам дарыясынын жээгиндеги кум-шагыл алынып суу топтолгон жерге Кадамжай районунун Марказ айылынын 1971-жылы туулган тургуну С.Ысмайыл чөгүп кеткен. Анын денеси саат 21:21 чамасында табылган. Ушул эле сууга 1-июль күнү 2000-жылы туулган Р.Бостонов менен 2002-жылы туулган иниси Р.Бостонов чөгүп кетишкен. 17 жаштагы С.Абдуллаеванын да жансыз денеси да 4-июль күнү ушул жайдан табылган.

Көчмө жыйында облус жетекчиси А.Халмурзаев 4 адамдын өмүрүн алган кырсык боюнча тийиштүү чараларды убагында жүргүзбөгөн жетекчилердин ишин сынга алды. Ошондой эле кум-шагыл алуу үчүн карьер казып, бирок адамдардын коопсуздугун эске албаган ишкерге да чара көрүүнү укук коргоо органдарынын жетекчилерине тапшырды.
http://batken.turmush.kg/news:348705/?from=kg_turmush&place=newstoplast

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад