DataLife Engine > Жаңылыктар > Кыргызстанга кайсы унааларды бекер алып кирүүгө болот? Өкмөттүн билдирүүсү

Кыргызстанга кайсы унааларды бекер алып кирүүгө болот? Өкмөттүн билдирүүсү

Кыргызстанга соодалоо үчүн киргизилген автоунааларга бажы төлөмдөрү азайды

Кыргызстанга жеке тараптар ташып кирген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

"Аталган чечим ашыкча эскирген автоунааларды азайтуу жана жеке жактардын Кыргызстандын аймагына электр, гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарын ташып киргизүүсүнө дем берүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Тагыраагы, өкмөттүн токтому аркылуу бензин, дизель менен жүргөн автоунааларга карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасынын өлчөмү 2014-жылкы коюмдардын деңгээлине дейре төмөндөтүлөт.

 

Мындан тышкары, гибриддик кыймылдаткычтуу унааларга 1 куб сантиметр үчүн 0,5 доллардан 0,6 долларына дейре бажы алымдарынын жана салыгынын өбөлгөлөөчү коюмдары киргизилет.

 

Электромобилдерге бажы алымдарынын жана салыгынын нөлдүк коюму киргизилмекчи.

Белгилесек, аталган токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөн соң күчүнө кирет жана 2019-жылдын 31-декабрына дейре иштейт.



Дагы: https://sputnik.kg/economy/20180710/1040116398/kyrgyzstanga-kirgen-avtounaalarga-bazhy-tolomdoru-azaydy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад