DataLife Engine > Жаңылыктар > Калкты тейлөө борборунун операторлору криминалисттердей иштемей болду.

Калкты тейлөө борборунун операторлору криминалисттердей иштемей болду.

140 кызматкерди Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын криминалистика жана соттук экспертизалар боюнча адиси окутуп жатат.

Калкты тейлөө борборлорунун операторлору криминалисттик ыкма менен жасалма документтерди аныктоону үйрөнүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Үйрөтүү курстары презентация, практикалык жана тест түрүндө өткөрүлүп жатат. Мисалы операторлор паспортко чапталган сүрөт документтин чыныгы ээсине тиешелүү экенин аныктоону үйрөнүп жатышат. Ошондой эле алар мындан ары адамды манжа изи аркылуу тааный алат", — деп айтылат билдирүүдө.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГРС КР
Калкты тейлөө борборлорунун операторлору криминалисттик ыкма менен жасалма документтерди аныктоону үйрөнүп жатат.

Кызматкерлер жасалма документтерди ультрафиолет жарыгын бөлгөн аппарат жана 15 эсеге чоңойто алган атайын лупалардын жардамы менен аныктамакчы.

140 кызматкерди Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын криминалистика жана соттук экспертизалар боюнча адиси окутуп жатат.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20180711/1040123110/kalkty-tejl-operatorloru-kriminalistterdej-ishtejt.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад