DataLife Engine > Жаңылыктар > Рыскелди Момбеков өкмөттөгүлөрдүн "түркөйлүгүнө" нааразы болду

Рыскелди Момбеков өкмөттөгүлөрдүн "түркөйлүгүнө" нааразы болду

Эл өкүлү Андрей Бельяниновдун айткандарына өкмөт эмдигиче жооп бере электигин айтты.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков кыргыз өкмөтүнүн россиялык ишмер Андрей Бельяниновдун айткандарына татыктуу жооп бербегени үчүн парламенттин жалпы жыйынында катуу сынга алды.

Депутаттын айтымында, Алматы шаарында 6-сентябрда болгон конгрессте Бельянинов кыргыз өкмөтүнө шек келтирген.

"Ошол конгрессте Россиянын атактуу ишмери Андрей Бельянинов кыргыз өкмөтүн сындады, сындады десем сылык болуп калат, шылдыңдады, башкача айтканда, башынан ылдый жугунду куйду. Бирок ага өкмөттөн жооп болгон жок. Бельянинов эмне деп айтты? Кыргызстандын өкмөтү улам алмаша берип, биз адаша берип, окута берип тажадык деди. Акча берейин десең "долбоору жок" деди, түшүндүрөйүн десең "түшүнүгү жок түркөйлөр иштеп жатат" деди. Логикага таянып айтканда, кыргыз өкмөтүндө көк мээлер иштеп жатат деди. Өкмөттөн эч ким жооп берген жок. Эгерде өкмөттүн кадыр-баркы, ар намысы бар болсо, маселени өкмөттүн башчысы өзү көтөрүп, өзү жооп бериши керек болчу", — деди депутат.

Момбеков, андан сырткары, өкмөт Пушкиндин тилинде, Путиндин тилинде жооп берип койсо болмоктугун айтып, премьер-министр анын ордуна Көчмөндөр оюндарынын жабылышында Черчиллдин тилинде чечендигин көрсөтүп, англисче сүйлөгөнүн белгиледи.

"Англисче билген жакшы, бирок ал өкмөт үчүн эмес, өзү үчүн жакшы. Эл үчүн "эншлиш" тилинде сүйлөгөн премьер керек эмес, эл үчүн эне тилинде сүйлөгөн премьер эсеп, элге экономиканын тилин билген премьер керек", — деди ал.

Эл өкүлү ошондой эле бир жумадан бери эч кандай жооп болбогонун дагы бир жолу белгилеп, Экономика министрлиги Финансы министрлигине, ал кайта беркисине шылтап отурганын айтты.



Дагы: https://sputnik.kg/politics/20180913/1041081888/mombekov-naarazy-okmot.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад