DataLife Engine > Жаңылыктар > Министрдин 82 миң долларлык унаасын сатып, реанимобиль алуу керек, - депутат

Министрдин 82 миң долларлык унаасын сатып, реанимобиль алуу керек, - депутат

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин 82 миң долларлык унаа минип жүрүүгө кандай моралдык укугу бар?, - деди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев.

Анын айтымында, бул унааларды сатып, ордуна реанимобиль алуу керек.

«Мен министрдин өзүнөн сурайын дегем, бирок анын орун басары отурат. Саламаттыкты сактоо министри 82 миң доллар турган унаа минип жүрөт. Ушундай эле облус башчысы да бар. Бул 6 млн сомго жакын каражатты түзөт. Бул Бүткүл дүйнөлүк банктын акчасы. Учурда санитардык кызматкерлер 2 миң сом, медайымдар 6 миң сом айлык алышат. Министрдин кандай моралдык укугу бар? Кечээ эле тез жардам унаасынын жоктугунан улам медициналык кызматкерлер бейтапты өздөрү көтөрүп барышканы тууралуу маалымат чыкты», - деди депутат.

Ал вице-спикер Аида Касымалиевага кайрылып, ЖКнын комитетине протоколдук тапшырма берүүнү өтүнүп, бул унааларды сатып, реанимобиль алуу керектигин айтты.

«Ушундай унааларды айдап жүргөндөн кантип уялбайсыңар? Эмне иш аткардыңар? Саламаттыкты сактоо тармагынын абалы ушундай болуп турганда министр өзү мындай унаадан баш тартышы керек эле. Ал министрлик кызматты ээлегенге кандай укугу бар?», - деди А.Нурбаев.

Ал эми өкмөттү Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев министр учурда Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышып жаткандыгын айтып: «Ал унаа үчүн өзү жооп бериши керек. Өкүлдөр жооп бере албайт», - деди.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад