DataLife Engine > Жаңылыктар / Ош жаңылыктары > Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү

Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 2019-жыл "Аймактарды өнүктүүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында өлкөнүн түштүк аймагындагы ЖОЖдордун 40 жаштан жогорку курактагы эжекелери ортосундагы волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы К.Жылкычы уулу билдирет.

Аталган мелдеш Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын демилгеси менен Ош шаардык аялдар кеңеши жана КРдин волейбол федерациясынын Оштогу бөлүмүнүн колдоосу астында "Дени сак аял - дени сак улут" аттуу ураандын негизинде 8-Март Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулду. Мелдеш окуу жайдын спорттук залында салтанаттуу түрдө ачылып, ага Жогорку кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, ЖКнын депутаттары Карамат Орозова, Айнура Осмонова, Ош шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Х.Сүйөркулова, жергиликтүү бийлик өкүлдөру жана ЖОЖдордун жетекчилери катышты. Ачылуу аземде ОГПИнин ректору, профессор Б.Б.Зулуев жана эл өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, ар дайым спорт менен дос болууга, мына ушундай иш чаралар менен аялдардын сергек жашоосунун образын түзүүгө жана достук мамиле менен ынтымактыктын үлгүсүн көрсөтүүгө тилектештиктерин билдирүү менен оюндун журушунө ийгилик каалап өттү.

Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү

Мелдешке ОшМЮИнин, ОшКУУнун, ОшТУнун, ОшМУнун жана ОГПИнин командалары катышып, оюндун жүрүшүндө командалар өздөрүнүн болгон аракеттери менен жогорку деңгээлде оюн көрсөтүшту. Жыйынтыгында III орунду ОшТУнун, II орунду ОшМУнун, ал эми I орунду ОГПИнин эжекелер командалары ээлешип, жеңген командалар жана мелдеш учурунда өзгөчө оюн көрсөткөн мыкты оюнчулар уюштуруу тобу тарабынан диплом, акчалай сылык жана белектер менен сыйланышты.

Эскерте кетсек аталган мелдеш ЖОЖдордо кезектешүү менен уюштурулуп келүүдө.

Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү

 

Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү

 

Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад