DataLife Engine > Жаңылыктар > Москва мамлекеттик университети 6 ирет Бишкекте филиал ачууга аракет жасаган

Москва мамлекеттик университети 6 ирет Бишкекте филиал ачууга аракет жасаган

Кыргызстанда Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу үчүн мен алты ирет макулдугумду бергем. Бирок пландар такыр ишке ашпай койду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын ректору Виктор Садовничий Кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун I форумунда билдирди.

Анын айтымында, буга Москва тараптын күнөөсү жок.

"Мен буга чейин филиалды ачуу үчүн алты ирет макулдугумду берип, Бишкекке билет дагы алгам. Бирок жыйынтык чыкпады. Буга Москванын күнөөсү жок. Кесиптештер, өзүңөрчө ушул маселени талкуулагылачы. Биз болсо бардык күчүбүздү жумшаганга даярбыз. Мен ушуну менен жетинчи ирет макулдугумду берип жатам", — деди Садовничий.

Анын айтымына караганда, учурда университеттин филиалдары алты мамлекетте иштеп жатат.

Иш-чара Россия президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алдында уюштурулууда.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190327/1043771626/moskva-mamlekettik-universiteti-rektor-filial.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад