DataLife Engine > Жаңылыктар > Россияда мигранттарды кызамыкка каршы эмдөө башталды

Россияда мигранттарды кызамыкка каршы эмдөө башталды

Россияда эмгек мигранттарын кызамыкка каршы эмдөө 1-апрелден тарта башталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бул жаатта Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубаттыгы боюнча маселеге көзөмөл кылган федералдык кызматы атайын токтом чыгарган.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин Россиянын бардык региондорунда иштеп жүргөн эмгек мигранттары эмдөөдөн өтүшү керек. Тиешелүү органдарга чет элдик жарандар менен иштешкен бардык жумуш берүүчүлөр жардам бериши зарыл.

 

Аймактык бийлик вакциналарды сатып алып, буга чейин кызамыкка каршы эмделбеген эмгек мигранттарына ийне саят.

Кызамык — вирус козгоочу жугуштуу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, аба аркылуу башка кишиге жугат.

Дагы: https://sputnik.kg/migration/20190402/1043835435/rossiyada-migranttardy-ehmdoo-bashtaldy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад