Анда Акыркы коңгуроо — бул балдардын майрамы экени, ал арак-шарап, баңгизат жана укук бузуу менен коштолбошу керектиги жазылган.
ЖКККББ эң биринчи кезекте ата-энелерге кайрылып, балдардын коопсуздугу биринчи кезекте алардын мойнунда экенин белгилеген.
"Салтанаттуу иш-чаралар өтүп жатканда жана андан кийин да балдардын жүргөн жерин, кимдер менен басып-турганын көзөмөлгө алыңыздар. Алардын ичимдик ичип, баңгизаттарын колдонуп коомдук тартипти бузуусуна жол бербеңиздер", — деп айтылат кайрылууда.
Андан сырткары, ата-энелерди, түрдүү жол кырсыктарына кириптер болбошу үчүн балдарына автоунаа бербөөгө чакырат.
Милиция кызматкерлери балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратпоо үчүн бардык аракеттерди көрөрүн белгиледи.
Быйыл Акыркы коңгуроо салтанаты өлкөдөгү мектептин баарында 25-май күнү саат 9.00дө башталат.