DataLife Engine > Жаңылыктар > «Кийимдерин төшөк кылып...»: Өспүрүмдөр эрки менен кумарын кандырышканбы же кыз зордукталганбы?

«Кийимдерин төшөк кылып...»: Өспүрүмдөр эрки менен кумарын кандырышканбы же кыз зордукталганбы?

Окуя ушул жылдын май айынын аяк ченинде болгон. Аталган кыз мектептеги акыркы сынактарын тапшырып, парктардын бирине сейилдөөгө барган. Ал жерден таанышына (14 жаштагы бала) жолугуп калган. Ал кызга кооз жерлерди көрсөтөм деп, парктан алысырак жерге алып барып, зордуктап койгон.

Бул маалыматты кыз окуган мектептин мугалимдери тастыкташты.

«27-май күнү саат 14:00дө классс жетекчиси WhatsApp'тагы тайпага сынак бүттү, балдарыңар кетти, деп ата-энелерине жазган. Биздин мектеп парктын жанында жайгашкан. Кыз менен бала жетелешип алып кеткен экен. Канттын четине барып, жанакындай окуя болуптур. Экөө классташ

Бала беш бир тууган. Ата-энеси менен жашайт. Бизге 3-классынан келген. Батирде турушат. Ата-энеси динде жүргөн адамдар. Класста орто окуса да, активдүү бала.

Кыз 4 бир тууган. Аябай жоош, көп сүйлөбөйт. Дос кыздары аябай аз. Оюндагысын айта албайт. Мугалимдерге жазуу түрүндө ойлорун айтат. Сабактарын «3» жана «4» деген баага окуйт. 5-классында башка мектептен келген», - деди ал.

Ал эми мектептин окуучуларынын айтымында, экөө тең орозо кармашкан.

«Биз сынактан кийин лимонад ичип, алар орозобуз деп ичишкен эмес. Милицияга кыздын таяжеңеси билдирген. Бизге жеткен маалымат боюнча, экөө кийимдерин чечип төшөк кылып жатышкан экен. Негизи кыз каршылык көрсөткөн эмес экен. Экөө сүйлөшүп эле бул ишке барышканы айтылууда. Бала «Биздин сезимибизди ата-энелерибиз түшүнбөй койду. Жакшы калгыла» деген сыяктуу катты таштап, үйүнөн чыгып кетиптир. Кыздын ата-энеси тоодо чабан экен. А, кыз таяжеңесинин колунда окуп жаткан», - деди алар.


скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад