DataLife Engine > Жаңылыктар > Атамбаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу кыска-нуска видео

Атамбаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу кыска-нуска видео

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу мурдагы президент кол тийбестигинен кол жууду. Эми Башкы прокурор ага карата айып коё алат. Баса, ал беш айыпты парламентте жар салды.

Процедура боюнча мурунку мамлекет башчы суракка чакырылышы керек. Мунун баары Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун пикир келишпестиги учурунда болуп жатат.

 

Учурда Атамбаев Кош-Таш айылында. Анын үйүнүн алдына тарапташтары чогулууда. Короого боз үйлөр тигилип, керебеттер коюлду. Ал эми дарбазанын алдына бетон тосмолор орнотулуп, таш төгүлдү. Кыргызстан Атамбаевдин үйүнөн онлайн-репортаж жасап жатат.

Дагы: https://sputnik.kg/video/20190627/1044860712/atambaev-ehks-makamy-parlament.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад