DataLife Engine > Жаңылыктар / Коом жана проблемалар > Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек

Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек

Ооба, мен да ушинтип ойлогом. Көрсө, маалымат көңүлдөн сырт калбай эле биопротездин автору иш толук бүтмөйүнчө интервью берүүдөн баш тартып жүргөн экен. Долбоор жыйынтыкталып, ийгиликтүү ишке ашканын угуп, микрохирургду Sputnik Кыргызстан радиосуна чакырдык.

Көпкө кыйылбай макул болгон Султан Тукешов менен түз эфирде маек курдук. Микрохирургиялык иштеринен сырткары пластикалык хирургияда да ийгиликтерди жаратып келе жаткан адис чачтан кыркып алып каш отургузуп, кыз-келиндердин сурмасын жасоодогу кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

Микрохирург Тукешов бул протездер колдун чыканактан ылдыйкы бөлүгүнө гана ылайыкталгандыгын, ал эми бут үчүн мындай протездер келечекте жасаларын кошумчалады.

Микрохирург Султан Тукешов
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Султан Тукешов: биопротездин айырмасы анын ой менен башкарылуусунда. Ошондой эле салмагы жеңил.

— Сиздер жасап чыккан биопротездин кадимки протездерден айырмасы эмнеде?

— Алгачкы эле айырмасы анын ой менен башкарылуусунда жана салмагынын жеңилдиги менен колдонууга ыңгайлуулугунда. Бир жыл мурда жаңыдан жасап баштаганда салмагы 500 граммдан ашыгыраак болчу, улам иштеп отуруп 250 граммга түшүрдүк. Бул өзгөчө жаш балдардын колдонуусуна жеңил болот экен. Протезди жасап баштаганда эле аны кийип, колдонуп, эксперимент жүргүзүүгө макул болгон адам издегенбиз. Жыйынтыгында 12 жаштагы Алия деген кыз апасы менен келип, биз менен иштешүүгө макулдугун берген. Учурда Алия толук бүткөрүлгөн биопротезди кийип жүрөт. Анын дагы бир өзгөчөлүгү кубаттоо системасынын оңойлугу. Биопротез кадимки эле чөнтөккө салып алып телефондорду кубаттоочу пауэрбанк аркылуу өзүнө электр энергиясын алат. Бул ээсине алыс сапарга чыгууга, саякаттоого жакшы шарт түзөт.

Ал эми ой менен башкарылуусунда биз эң жөнөкөй ыкмаларды колдондук. Тагыраагы, булчуңдардын чыңалуусун кабыл алуучу сенсорлор болуп эсептелген — электромиографтар биопротезге буйрук берет десек болот. Албетте, кадимки кол менен мээнин байланышынан аракеттер жайыраак жүрөт. Болжол менен мээнин булчуңга берген буйругу жарым секунддан кийин ишке ашат. Азырынча биопротез бир нерселерди кармап, автоунаа айдай алат. 10 килограммга чейинки жүктү көтөрөт. Ал эми кийинки этапта биз кашык, калем сап сыяктуу майда буюмдарды кармай турган механизмдерди киргизели деп жатабыз.

 

Сырткы дизайны боюнча азырынча бир чечимге келе элекпиз. Анткени кардарлардын айрымдары колдун өзүндөй болуусун каалашса, кээ бирөөлөрү тескерисинче колдон өзгөчөлүгү менен сырткы келбети да айырмаланып туруусун жактырышарын айтып жатышат. Келечекте эки түрүн тең жасайбыз деген ниет бар.

Биопротез управляемая силой мысли разработанная хирургами из Кыргызстана
© ФОТО / ИЗ ЛИЧНОГО АРХИВА СУЛТАНА ТУКЕШОВА
Микрохирург: Протезди жасап баштаганда эле аны кийип, колдонуп, эксперимент жүргүзүүгө макул болгон адам издегенбиз. 12 жаштагы Алия деген кыз апасы менен келип, биз менен иштешүүгө макулдугун берген. Учурда Алия толук бүткөрүлгөн биопротезди кийип жүрөт.

— Башка мамлекеттеги кесиптештериңиз бул саамалыкты кандай кабыл алышты?

— Биздин команда дасыккан программисттерден жана өз кесибинин мыктысы болгон дарыгерлерден болуп алты кишиден турат. Биопротезге Япония, Россия, өзгөчө Түштүк Кореянын медиктери кызыгуу артты. Алар бизге түрдүү сунуштарды айтып, аталган протезди андан ары чогуу жакшыртуу ойлорун билдиришти. Сүйлөшүп көрсөк алар ички механизмдерине жана "Кыргызстанда жасалды" деген брендге кызыгып жатышкан экен. Кыргыз медиктеринин ишин өз өлкөбүздүн гана атынан чыгаралы деген максатта алардын сунуштарынан баш тарттык. Учурда интернет аркылуу кабардар болгон жакынкы, алыскы мамлекеттерден да буюртмалар келип түшүүдө.

Биопротезди өзүбүздүн акчабызга жасап чыктык. Анын сапаттуу, чыдамкай жана ыңгайлуу болушу биздин негизги максаттарыбыздын бири эле. Учурда бул тилегибизге жеттик деп айта алам. Ошондой эле протездин дагы бир өзгөчөлүгү анын көлөмүндө. Эгер аны жаш бала тагынса чоңойгондо башкага алмаштыруунун кажети жок. Болгону билектен өйдө тагылчу жерин гана чоңойтуп, кичирейтип беребиз. Бул ээсинин көнүп калган протез менен өмүрүн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Протезди тагынган адам өмүр бою биз менен байланышта болуп турат. Биз бир жолу ага кийгизип коюп эле ошол боюнча кабарлашпай кетпейбиз. Эгер жаңы түрлөрү иштелип чыкса, аны алмаштырып туруу же көнүп калган протезин колдоно берүү өз эркинде.

Биопротез управляемая силой мысли разработанная хирургами из Кыргызстана
© ФОТО / ИЗ ЛИЧНОГО АРХИВА СУЛТАНА ТУКЕШОВА
Тукешов: булчуңдардын чыңалуусун кабыл алуучу сенсорлор болуп эсептелген электромиографтар биопротезге буйрук берет. Албетте, кадимки кол менен мээнин байланышынан аракеттер жайыраак жүрөт. Болжол менен мээнин булчуңга берген буйругу жарым секунддан кийин ишке ашат.

— Сизди эл микрохирург эле эмес, пластикалык хирург катары да тааныйт. Айта кетсек, көздүн сурмасын чыгарууда өзүңүзгө таандык ыкма менен операция жасарыңыз айтылат. Башка кесиптештериңиздин операцияларынан бул ыкманын айырмасы эмнеде?

— Ар бир мамлекетте кардарлардын суроо-талабына жараша пластикалык операциялардын кайсы бир түрү алдыга озуп чыгат экен. Мисалы, Түркияда ринопластика — мурундун келбетин оңдоо өтө популярдуу. Ал эми бизде соңку жылдары көздүн сурмасын чыгарууга кызыккандар көбөйдү. Дүйнөдө бул жаатта Түштүк Корея алдына ат салдырчу эмес. Азыркы мезгилде биз корейлик кесиптештерибиз менен теңтайлашып, ал тургай айрым нерселерин жасоодо алдыга кеттик деп айта алам.

Блефаропластикалык операция жасоодо биздин өзгөчөлүктөрүбүз ар бир адамдын бет түзүлүшүнө карап, өз-өзүнчө формаларды тандап алабыз. Шаблондук негизде баарына бирдей сурма салбайбыз. Ошондой эле операцияны жасоо ыкмасы да башкача. Жыйынтыгында көрүнүшү нукуралуулукка өтө жакын, жарааты тез айыгып, мөөнөтү да узак болот. Учурда мындай операцияга кызыккандардын саны абдан көп, ага жараша кезек күткөндөр да арбын. Бул операцияны жасоодо өз ыкмамды үйрөтүп койгон медиктер да иштөөдө. Алар менден кем эмес профессионалдар, мыкты деңгээлде кызмат көрсөтүшүүдө. Баасы 250-500 доллардын айланасында. Айрымдар бул сумманы кымбат дешсе, кээ бирөөлөр "эмнеге Кыргызстанда мынчалык арзан, демек, сапаты начар" деген бүтүмгө келишет. Биздин айтарыбыз, сапат жагынан башка мамлекеттердеги кесиптештерибизден алдыдабыз.

 

— Көзгө сурма жасоодо коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып жүрөт. Жашоосунда динди тутунгандар бул оор күнөө дешсе, айрым учурларда аялынын жасаткан операциясы күйөөсүнө жакпай калып, үй-бүлөдө уруш чыккан да учурлар кездешет.

— Ооба, чынында ислам дининде келбетин себепсиз өзгөртүүгө тыюу салынат экен. Эч кандай зарылчылыгы жок учурда пластикалык операция жасатууга тыюу салган биздин муфтияттын да фатфасы бар. Бирок ал бир жактуу чыгарылган. Тактап айтканда, мындай чечим кабыл алынарда пластикалык операция жасаган бир да хирург чакырылган эмес, экинчи тараптын жүйөсү айтылбай калган. Ал эми биздин клиника сурма жасоодон мурда бул суроо боюнча көп ойлондук. Башка ислам мамлекеттеринин тажрыйбасын карап отуруп, түркиялык бир кесиптешибиздин ушул маселе менен аалымдарга кайрылганын билдик. Алар пластикалык операция жасоого уруксат берген негиздер менен таанышып, эл аралык стандарттарга туура келгендиктен биздин клиника да сурма жасоого киришти. Сурма жасоону бир гана сулуулук үчүн деп түшүнүү жаңылыштык. Мисалы, бизге келген кардарларыбыздын көпчүлүгү жаш курагынын жогорулашы менен көздүн үстүңкү териси чоюлуп кеткенде кайрылышат. Айрым учурларда аялын же карындашын мырзалар өздөрү ээрчитип келип, сурма чыгарып берүүнү суранышат. Баса, биз күйөөсүнүн уруксаты жок жубайына сурма жасабайбыз. Кардарга карата коюлуучу талаптарыбыздын ичинде бул милдеттүү түрдө каралат.

Микрохирург Султан Тукешов
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Микрохирург: протездин дагы бир өзгөчөлүгү анын көлөмү. Эгер аны жаш бала тагынса чоңойгондо башкага алмаштыруунун кажети жок. Болгону билектен өйдө тагылчу жерин гана чоңойтуп, кичирейтип беребиз. Бул ээсинин көнүп калган протез менен өмүрүн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

— Сиздин кадимки эле чачтан кыркып алып каш жасап берериңизди да уктук. Бул биологиялык жактан мүмкүнбү?

— Биз жакынкы аралыктан баштап эле чачы жаштайынан түшүп калган адамдарга желке чачынан алып, кадимкидей өстүрүп берген тажрыйбаны да ишке ашырып келе жатабыз. Желке таз болбойт деп коет го кыргызда, бул сөздүн чындыгы бар. Чачтын түшүүсү гормондорго байланыштуу. Мындай дартка чалдыккан адамдар өмүр бою чачын кырып жүрүүгө мажбур болушат. Убактылуу чачын карайтып койчу каражаттар бар, бирок ким эле кулпурган чачы өзү өсүп туруусун каалабасын. Мындай учурда биз кадимки эле желкесиндеги чачынан алып, чачы жок жерге бирден эгип чыгабыз. Ал алгач оорутуп, ыңгайсыздык жаратып ошол жерге отуруп калат. Андан соң отургузулган чач түшүп, кайра кадимкидей чач өсүп чыгат. Азыркы маалда өз каалоосу менен макул болгон бир нече адам бул тажрыйбадан ийгиликтүү өтүп жатышат. Мындан сырткары, ушундай эле ыкма менен каш өстүрүүдөбүз. Бирок каш менен чачтын айырмасы бар. Кашка эгилген чач ал кадимки баштагы чач болгондуктан узун болуп өсүп кете берет. Каш сыяктуу белгилүү бир өлчөмгө жеткенде токтоп калбайт. Андыктан, мындай жол менен каштуу болгондор маал-маалы менен кыркып, формасын чыгарып туруусу зарыл.

— Кыргыз медицинасына жакынкы аралыкта дагы кандай жаңылыктарды алып келейин деген пландарыңыз бар?

— Биз эми адамдагы ашыкча майларды медициналык жол менен сордуруп алууну ишке ашыралы деп турабыз. Бул семиз адамдарды арыктатуу деп эсептелбейт. Мындай ыкма денесинин айрым бир жерлеринде жылдар бою туруп калган майдан арылууга жардам берет. Бул да дүйнөдө кеңири колдонулуп жаткан ыкма.

 

Негизи эле биздин максат — кыргыз медицинасын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү. Кандай жаңы ыкма алып келбейли, анын биринчи кезекте биздин кардарларга керек жактарын иликтеп, ылайыкташтырып, иштеп чыгабыз. Тигил же бул медициналык операция үчүн чет мамлекеттерге чыкпай эле өзүбүздө сапаттуу жана ишенимдүү дарыланганга шарт түзүүгө аракет кылабыз. Албетте, өзүбүздүн кесибибиз боюнча аракеттерибиз ишке ашып келе жатат. Эгер ар бир дарыгер өз кесибин сүйүп, ага жоопкерчилик жана берилүү менен мамиле кылса көп нерсеге жетишсе болот деп ойлойм.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190825/1045527711/Sultan-Tukeshov-menenmaek.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад