DataLife Engine > Жаңылыктар > Кой-Таштагы окуяны мамлекеттик комиссия иликтемей болду

Кой-Таштагы окуяны мамлекеттик комиссия иликтемей болду

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан айтышты.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Вице-премьер Жеңиш Разаков башында турган комиссия бир айдын ичинде абалды иликтеп, Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдашы керек.

Комиссиянын курамына ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана коомдук ишмерлер кирди.

Кой-Таш окуясы

7-августта УКМК Кой-Ташта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүп, ал максатына жетпей калган. Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Бир жоокер каза таап, 140ка чукул адам ар кандай жаракат алган. Эртеси операцияны ИИМ жүргүзүп, ички иштер министринин ошол кездеги орун басары Курсан Асановдун жүргүзгөн сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев багынып берген.


Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20190829/1045561770/koj-tashtagy-okuyany-mamlekettik-komissiya-iliktejt.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад