DataLife Engine > Жаңылыктар > Жээнбеков Абылгазиев менен жолугуп, өкмөттүн негизги милдеттерин эске салды

Жээнбеков Абылгазиев менен жолугуп, өкмөттүн негизги милдеттерин эске салды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-сентябрда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с Премьер-министром Кыргызской Республики Мухаммедкалыем Абылгазиевым. 4 сентября 2019 года 

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө сөз болду.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с Премьер-министром Кыргызской Республики Мухаммедкалыем Абылгазиевым. 4 сентября 2019 года

Мамлекет башчы өкмөт социалдык оң жана терс көрүнүштөргө, күнүмдүк жашоодогу ар кыл чакырыктарга тез реакция кылып, тиешелүү чараларды ыкчам көрүшү зарылдыгын белгиледи.

Президент өкмөттүн негизги милдети — экономиканы өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу экенин айтты.

"Өкмөттүн иштөөсү үчүн өлкөдө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги өз ара конструктивдүү иштеп жатат. Ошондуктан өкмөт иштеши гана керек. Башка талап жок", — деди президент.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономиканын тармактарын өнүктүрүү, аймактык өнүктүрүү боюнча актуалдуу чаралар, өлкөнү санариптештирүү, инфраструктуралык жана агроөнөржай долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аткаруучу бийлик органдарынын азыркы ишмердиги жөнүндө айтып берди.



Дагы: https://sputnik.kg/politics/20190904/1045614648/prezident-premer-zholuktu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад