DataLife Engine > Жаңылыктар / Редактордун колонкасы > Жээнбеков маркум спецназ Ниязбековдун үй-бүлөсүнө "Эрдик" медалын тапшырды

Жээнбеков маркум спецназ Ниязбековдун үй-бүлөсүнө "Эрдик" медалын тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева, жубайы Назира Базарбаева, бир тууганы Асанбек Ниязбеков жана уулу Тимур Ниязбеков менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Президент КРСооронбай Жээнбеков вручил родным погибшего в ходе событий 7 августа 2019 года сотрудника ГКНБ, полковника Усенбека Ниязбекова медаль Эрдик. 6 сентября 2019 года

Президент 2019-жылдын 7-августундагы окуяларда курман болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Ниязбековдун жакындарына көңүл айтып, Үсөнбек бүт өмүрүн мекенге кызмат кылуу, жарандардын коопсуздугун жана өлкөдөгү тартипти камсыздоого арнаганын белгиледи.

Президент КРСооронбай Жээнбеков вручил родным погибшего в ходе событий 7 августа 2019 года сотрудника ГКНБ, полковника Усенбека Ниязбекова медаль Эрдик. 6 сентября 2019 года

Жээнбеков Ниязбековдун курман болушу анын үй-бүлөсү, жакындары гана эмес, мамлекет үчүн дагы чоң жоготуу экенин баса белгилеп, жакындарына "Эрдик" медалын тапшырды.

 

Ниязбековду аскердик милдетин аткаруудагы көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн "Эрдик" медалы менен сыйлоо (курман болгон соң) жөнүндөгү Жарлыгына президент 27-августта кол койгон.

Жоокер 7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда окко учкан.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20190906/1045634025/zhehehnbekov-niyazbekov-uj-bulo-ehrdik-medalyn-tapshyrdy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад