DataLife Engine > Жаңылыктар > Мушкер "Тайсонго" Талас Бегалиев таза кандуу аргымак мингизди. Белектин чоо-жайы

Мушкер "Тайсонго" Талас Бегалиев таза кандуу аргымак мингизди. Белектин чоо-жайы

"Тайсон" каймана аты менен белгилүү кыргызстандык мушкер Канат Келдибековго Талас облусунун көк бөрү командаларынын жетекчиси Талас Бегалиев таза кандуу аргымак тартуулады.

Белек алып жаткан видеону мушкер өзүнүн Instagram баракчасына жүктөгөн.

"Ассалом алейкум, туугандар. Иним Канат Келдибековго өткөндө беттештин алдында колдоо иретинде баласына ат мингизем деп сөз бергем. Өзүмдүн жакшы көргөн, Чехиядан келген аргымагымды тартуу кылууга уруксат бериңиздер", — деп Талас Бегалиев спортчуну атка мингизген.

Эске сала кетсек, Келдибеков 17-августта Чолпон-Атада өткөн AIKOL FC 7 турниринин алкагында россиялык Михаил Диктеровду утуп, чемпиондук курга ээ болгон.

"Тайсон" кезектеги беттешин 4-октябрда Грозный шаарында ACA (Absolute Championship Akhmat) турниринин алкагында өткөрмөкчү.

Sputnik Канат Келдибековдун жашоосу тууралуу видеоматериал даярдаган. Анда мушкер алты жаштагы уулунун кулагы укпай, сүйлөбөй калганын айтып, элден жардам сураган.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20190908/1045646675/mushker-tajson-keldibekov-argymak-aldy-video.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад