DataLife Engine > Жаңылыктар > Кыргыз-өзбек чек арачылары "душмандарга каршы" машыгуу өткөрдү. Сүрөттөр

Кыргыз-өзбек чек арачылары "душмандарга каршы" машыгуу өткөрдү. Сүрөттөр

Бүгүн, 10-октябрда, Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан чек арасынын бириккен аймагында, тагыраагы, Баткен районундагы Чоң-Кара айылында кыргыз-өзбек чек арачылары тактикалык машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Военные учения кыргызских и узбекских пограничников в Баткенском районе

Анын биринчи этабында тараптардын чек ара ведомстволору биригип, басып кирүүгө каршы аракеттерди көрүү боюнча иш-чараларды уюштурушту.

Военные учения кыргызских и узбекских пограничников в Баткенском районе

Ал эми экинчи этабында "душмандын басып киришине" каршы аракеттер көрүлдү.

Военные учения кыргызских и узбекских пограничников в Баткенском районе

Машыгуунун жүрүшүнө Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Башкы штабдын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев, Өзбекстандын Коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин колбашчысы генерал-майор Руслан Мирзаев байкоо салды.

Иш-чаранын негизги максаты — эки мамлекеттин чек ара ведомстволорунун ортосундагы аракеттерди бекемдөө жана террористтик коркунуч жарала турган болсо биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү.
Военные учения кыргызских и узбекских пограничников в Баткенском районе 

 

Кыргыз тараптан машыгууга Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын аскер кызматкерлери, ошондой эле ИИМ менен ӨКМ катышты.

Тараптар биргелешкен машыгууга жогорку баа берип, бул сыяктуу иш-чараларды өткөрүп туруу чек ара кызматтары үчүн потенциалдуу коркунучтарга системалуу жооп берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатарын белгилешти.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20191010/1045928100/kyrgy-ozbek-chek-arachylary-mashyguu.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад