DataLife Engine > Жаңылыктар > 520 миң доллар пара менен кармалган Азимкан Жусубалиевдин жазасы жеңилдеди

520 миң доллар пара менен кармалган Азимкан Жусубалиевдин жазасы жеңилдеди

Бишкек шаардык соту транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтүн кыскарткан өкүм чыгарды. Бул туурасында шаардык соттун маалымат кызматы билдирди.

Биринчи Май райондук соту 30-июлда Жусубалиевди 520 миң доллар алууга макулдашканы боюнча күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми жең ичинен сүйлөшүүнү уюштурду делген Б.Т. аттуу жаран 6 жылга кесилген. Тендерден уткан Todini Costruzioni Generali Company компаниясынын Б.Г. аттуу кызматкерине 2 миллион сом айып пул салынып, сот залынан бошотулган.

Андан кийин Жусубалиевдин жактоочусу шаардык сотко кайрылып, жараяндар 9-октябрда аяктады.

"Жусубалиевге карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмү өзгөрдү. Ал 1997-жылы чыккан Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин биринчи пункту («Кылмыштар жыйындысы боюнча сот ар бир кылмыш боюнча өзүнчө жаза белгилейт») боюнча соттун өкүмү менен 12 жылга эркинен ажыратылды. Райондук соттун өкүмүнүн башка бөлүктөрү өзгөртүүсүз калды", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан деп 2018-жылдын 5-декабрында кармалган. Жусубалиев акчанын 50 миң долларын алып жатканда УКМК колго түшүргөн. Аткаминер андан мурдараак 120 миң долларын алганы, калганы кийинки жумада колуна тиймектиги айтылган.

 

Бул ишке байланыштуу ошондогу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президент Сооронбай Жээнбековдон жеме угуп, иштен кетүүгө аргасыз болгон.

Деген менен Калилов тогуз айдан кийин кайра эле жаңы кызматка дайындалды.

Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20191014/1045962248/azimkan-zhusubalievdin-zhazasy-kyskardy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад