DataLife Engine > Жаңылыктар > Министр: мектептерди ысык тамак менен камсыз кылууда таза суу көйгөйү бар

Министр: мектептерди ысык тамак менен камсыз кылууда таза суу көйгөйү бар

Кыргызстан боюнча 2265 мектеп болсо, ошонун 1485инде ысык тамак берилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар "Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карап жатат. Ал үчүнчү окууга киргизилет.

 

Министр эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып мектептерге ысык тамак берүүдөгү негизги көйгөй таза суу экенин белгиледи. Ал эл аралык уюмдар аталган маселе чечилсе колдоо көрсөтөрүн айтып жатканын билдирди.

"Бийлик таза суу маселесин чечүү үчүн демөөрчүлөрдү тартууга аракет кылса жакшы болот эле", — деди Исаков.

Ал эми эл өкүлү Алмазбек Эргешов демөөрчүлөрдү күтүп отура бербестен көйгөйдү бюджеттин эсебинен чечүү керектигин белгиледи.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20191023/1046038822/kyrgyzstan-mektep-ysyk-tamak-taza-suu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад